Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26 декабры №2/1-26
Ак-Кудук айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде
Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык Кеңешинин 2013-жылга регламенти бекитилсин (№1 тиркеме)
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
И.И.Боров |
| №2/1-26 токтомго тиркеме 26-декабрь 2012-жыл |
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
1-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңеши
2-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин компетенциясы
3-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары
4-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин катчысы
5-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясы
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин жалпы иш тартиби
6-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин сессияларын өткөрүү тартиби
7-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин токтомдорунун долбоорун кароо тартиби
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин регламенти
8-бөлүм
Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешинин Регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул регламент “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Шаар тибиндеги айылдын жана айылдык округугунун Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктайт .
I БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүндө “Депутаттардын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Көрсөтмөсүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн Токтомдорун жана ошондой эле ушул Регламентти колдонмо кылып алушууда.
1.2. Шаар тибиндеги айылдык жана айылдык округдун Кеңешиние ишмердүүлүгү жылдык жана кварталдык пландардын негизинде түзүлүүдө.
“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү шаар тибиндеги айылдын жана айылдык округдун Кеңеши жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлчүлүгү болуп эсептелет.
1.3. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык Кеңеши жабык добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде тиешелүү аймакта жашап шайланган жарандардан, сессиялык иштешкен белгиленген сандагы депутаттардан түзүлөт.
1.4. Айылдык округдун кеңешинин жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин негизги жумушунун уюштуруучулук-укук формасы болуп сессия эсептелет.
1.1.Айылдык округдун Кеңешинин жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин
компетенциясына кирет :
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартиби белгиленет;
2) жергиликтүү бюджетти бекитүү, анын аткарылышы жөнүндө баяндама, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана бюджеттен сырткаркы фондду пайдалануу жөнүндө угуулар;
3) калкты социалдык коргоо жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөө жана бекитүү;
4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларга алар боюнча ставкаларды белгилөө жана ошондой эле жергиликтүү салыктарды, чогултууларды киргизүү жана аларга жеңилдиктер;
5) жергиликтүү коомчулуктун муниципалдык менчикти башкаруу жана пайдалануу тартибин белгилөө, ошону менен бирге, муниципалдык менчиктин объектилерин приватизациялоо программасын бекитүү жолу менен муниципалдык менчикти колдонуу үчүн көзөмөлдү ишке ашыруу;
6) тиешелүү аткаруучу-башкаруучу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаманы угуу;
7) Мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү коомчулуктун уставын бекитүү;
9) айылдык округдун башчысына жалпы депутаттардын санынан көпчүлүк добуш менен ишенбестигин түшүндүрүп айтуу;
10) административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына аларды киргизүү;
11) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болгон төраганын чечимдерин жокко чыгаруу;
12) жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
13) өзүлөрүнүн чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
14) Өкмөт тарабынан аныкталган типтик нормативдердин негизинде айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдын башкармасынын башчыларынын берүүлөрү боюнча аткаруучу-башкаруучу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын түзүлүштөрүн жана штаттык санын бекитүү;
15) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү муздак сууну , канализацияларды, жылуулук берүүчү каражаттарды колдонгондугу үчүн жана катуу тиричилик таштандылары чогултуу, чыгаруу жана жок кылууга тарифтерди бекитүү;
16) айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык округдун башчысын шайлоо;
17) жер салыгынын жалпы суммасынын өлчөмүндө топурактын баллдарын эсепке алуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүн пайдалануу үчүн салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилөө;
18) жайыттарды, чөп чабууларды, айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү тартибин аныктоо;
19) Кыргыз республикасынын Мыйзамы жана жергиликтүү коомчулуктун Уставы менен башка тиешелүү маселелерди чечүү;
1.2. Айылдык округдун Кеңеши жана шаар тибиндеги айылдын Кеңеши башка маселелерди чечет жана материалдык,Финансылык жана башка каражатты ишке ашыруу үчүн керектүү өткөрүп берүүлөр менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарын бөлүп берүүсү мүмкүн.
II БӨЛҮК
3.1. Айылдык Кеңештин жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин төрагасы жана орун басары айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин ыйгарым укуктуу мөөнөтүнөжашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын санынан шайланат
· Кеңештин төрагалык кызматына кандидатураны айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин депутаттары көрсөтөт, ошондой эле өзүн өзү көрсөтүү жолу менен.
· Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелет.
· Айылдык кеңештин жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин төрагасы:
ü кеңештин сессиясын чакырат
ü айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин чечимдерине, сессиянын протоколдоруна жана башка иш кагаздарга кол коет.
ü ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына тиешелүү башка функцияларды аткарат.
3.2. Кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин туура эмес аткарганда жана аткарбай койгон учурда кеңештин депутаттарынын 3/1инин демилгелери боюнча көпчүлүк добуш менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
3.3. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары:
Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынын кызматына кеңештин төрагасы сунуштайт жана ачык добуш берүү менен шайланат. Жалпы депутаттардын санынан көпчүлүк добушка ээ болгон кандидат шайланды деп эсептелет.
3.4. Айылдык кеңештин жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Төрага жок болуп же өзүнүн милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда ордуна иштейт.
3.5. Айылдык кеңештин жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишмердүүлүгүн коомдук башталышта ишке ашырат.
3.6. Айылдык кеңештин жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 3/1инин демилгеси боюнча шайланган жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен бошотулат.
4.1. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин катчысынын кызматын айыл өкмөттүн же шаар тибиндеги айылдык башкармалыктын жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин катчысы:
· айылдык кеңештин протоколун жүргүзөт;
· айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңешине түшкөн иш кагаздардын эсебин уюштурат;
· айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңешинин сессиясы үчүн материалдарды даярдоо боюнча иштерди жетектейт;
· айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруучулук иштерди жүргүзөт;
· айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин сессияларын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышкан эсебин жүргүзөт;
· айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин сессияларынын токтомдорун тариздейт жана кеңештин депутаттарына аларды таратууну уюштурат;
· айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерди жетектейт.
5.1. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңеш кеңешти жүргүзүүгө тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттардын санынан туруктуу комиссияны түзөт, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, ушул аймакта жайгашкан мекеме жана уюмдардын чечимдерин аткарууга көзөмөл жүргүзүү.
Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык Кеңештин депутаттары комиссиянын тизмесин, алардын шайлануу тартибинин курамдык санын аныкташат. Депутат бир туруктуу комиссиянын гана мүчөсү боло алат. Комиссиянын катчысы айыл Өкмөттүн адистери болот.
5.2. Атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңеш убактылуу комиссияны түзө алышат.
Убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун маселелери, көлөмү жана мөөнөтү алардын түзүлүшүндө аныкталат. Убактылуу комиссиянын ишмердүүлүгү аларга берилген тапшырманын аткарылышы менен токтотулат.
III БӨЛҮК
Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин жалпы иш тартиби
6.1. Айылдык округдун жана айылдык кеңештин жумушу болуп негизги уюшулган-укуктук форма эсептелет. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин сесиясы кварталда бир жолу жана кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/1 талап кылса ачык түрдө өткөрүлөт.
Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин чечими кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
6.2. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин депутаттары кеңештин сессиясына катышууга укуктуу. Алардын сессияга катышууларын айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин катчысы уюштурат. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин депутаттарынын катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо кеңештин катчысына убагынан эрте маалымдап коюуга милдеттүү.
6.3. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин сессиялары ачык болуп эсептелет. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин чечими боюнча жабык отурумдар өткөрүлүшү мүмкүн.
6.4. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин сессияларынын чечимдери атайын алдын ала каралган регламенттин учурунан башкасы, ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин ар бир сессиясында күн тартиби жана иш тартиби кабыл алынат.
6.6. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин ушул сессиясында каралбай калган маселелер, кийинки сессияларда каралат.
6.7. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин отурумунда кеңештин катчысы протокол жүргүзөт. Сессиянын отурумунун протоколу айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин отурумуна чакырылган депутаттардын катышкан жана келбей калган себептерин көрсөтүү менен аты , атасынын аты камтылышы керек жана алардын угулган маалыматка маңызы боюнча чечим чыгарылышы керек. Протоколго сессияда төрагалык кылган жак кол коет.
7.1. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңеш сессияда каралган маселелерге токтом кабыл алат. Сессияда кеңештин токтому ачык добуш берүү менен, атын атап же жабык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.2. Берилген токтомдун долбоорлору :
· аткаруучуларды , аткаруу мөөнөтүн, каржылоо булагын, ошондой эле күчүнө кирген убагын көрсөтүү керек;
· жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары аймактык тиешелүү бөлүктөрдүн кызыккан уюмдары менен макул болушу керек;
· ушул маселе боюнча мурунку токтомдор эске алынат мурун кабыл алынган токтомдорду өзгөртүү же алып таштоо боюнча сунуштарды камтуу керек;
· Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына тиешелүү юридикалык корутундулары бар болуш керек;
7.3. Айылдык округдун кеңешинин токтому кеңештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен сессияда талкуулангандан кийин кабыл алыныш керек.
7.4. Чечим менен макул болбогон айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин депутаты өзүнүн өзгөчө ойун оозеки же жазуу түрүндө билдирип, сессиянын протоколуна киргизиш керек.
7.5. Эгер сессияга катышкан депутаттардын жарымынан көбү добуш беришсе, берилген токтомдун долбоору негизи болуп кабыл алынат. Эгер берилген проекттин долбоору негизи болуп кабыл алынбаса, ал пункттар боюнча каралышы мүмкүн.
7.6. Бардык оңдоолордон кийин каралган токтом толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин эки күндүк мөөнөттө кеңештин аппараты таратууну жүргүзөт.
7.8. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин ыйгарым укугунун чегинде кабыл алынган чечимдерин тиешелүү аймактарда жайгашкан баардык мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.
IVБӨЛҮК.
Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин регламенти
8.1. Айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин Регламенти регламенттин маселелери боюнча жумушчу тайпанын типтик Регламентинин негизинде иштелип чыгат жана кеңешке бекитүүгө киргизилет.
8.2. Регламент маселелери боюнча тайпага айылдык округдун жана шаар тибиндеги айылдык кеңештин шайланган бештен кем эмес депутаттарын киргизүү керек. Аны айылдык округдун кеңешинин төрагасынын орун басары жетектейт.
8.3. Ар бир депутат Регламентке толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө сунуш киргизе алат.
8.4. Регламент жана регламентке оңдоолорду киргизүү кеңештин шайланган депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.