Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 12-декабры № 71/11-3
Токмок шаарындагы катуу турмуш-
тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу
жана кабыл алуу боюнча кызматтарды
көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө Жобону
бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты сунуштаган «Токмок шаарындагы катуу турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ошондой эле туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарындагы катуу турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомду Коммуналдык ишканалар комбинаты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Шаардык чарба муниципалдык башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 12 деекабры №71/11-3 Токтому менен бекитилген |
1.Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо КР 2001-жылдын 13-ноябрындагы №89 “Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жөнүндө”, “Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө” (Санпин 2.1.7.010-03), 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 “Жаратылышты коргоо жөнүндө” Мыйзамдарына, 1998-жылдын 18-июнундагы КР Административдик Кодекси жөнүндө, (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-апрелиндеги №191 токтому менен бекитилген) “КР турак-жай үйлөрүнүн жана үй алдындагы жер тилкелерин кармоо, колдонуу эрежелерине”, Токмок ш. 2009-жылдын 4-июнундагы №105/19-2 ылайыкташтыруу эрежелерине ылайык иштелип чыккан.
1.2. Тиричиликтин катуу калдыктары (мындан ары ТКК) болуп турак жай үйлөрүнүн, коомдук имараттардын жана мекелердин, өндүрүштүк ишканалардын, соода (дүкөндөрдүн, чатырлардын, киоскалардын), бардык менчик түрүндөгү коомдук тамактануу мекемелердин, ошондой эле көчөлөрдүн, бак-парктардын, ишканалардын, уюмдардын аймактарынын шыпырындылары, курулуш калдыктары, жашыл көчөттөрүн кароодогу калдыктары ж.б. эсептелинет.
Тиричиликтин катуу калдыктары (ТКК)- бул калктын тиричилик аракетинин жыйынтыгында чогулган калдыктар (тамак даярдоо, товарды ороо, турак жайдын күнүмдүк оңдоолор жана тазалап жыйноо).
Ири габариттүү таштандылар (ИГТ)- көлөмүнүн чоңдугунан стандарттык контейнерлерге жүктөөгө болбогон, керектөөнүн жана чарбалык ишкердүүлүктүн калдыктары (курулуш таштандылары, эски эмеректер, ящиктер, тиричилик техникасы, ороо материалдары ж.б.)
1.3.Уюштурулуп ташып чыгарылган ТККлар шаарды тазалоонун жана жашоого зарыл санитардык-эпидемиологиялык шарттарын түзөт.
1.4.Эл отурукташкан орундарды кармоонун санитардык эрежелерине жана башка ченемдик документтерге ылайык, калктын саламаттыгына жана жашоо чөйрөсүнө коопсуз ыкмалары менен ТКК чогултулуп, атайын унаа менен чыгарылат.
1.5.КР мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана уюмдары тарабынан санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүлөт.
2.ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу эрежелери
2.1.Ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген графикке ылайык, калктан борборлошкон тутум боюнча ишкананын атайын унасы менен ТКК ташып чыгарылат.
2.2.Бардык ишканалардан, коомдук имараттардан жана мекемелерден ар бир ишкана менен ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу келишими түзүлүп жатканда макулдашылган графигине ылайык ТКК ташып чыгарылат.
2.3. ТТК үстү жабык атайын унаа менен ташып чыгарылат. Үстү ачык унаа менен төгүлбөгөн калдыктарды ташыса болот: курулуш калдыктары, темир-бетондун, айнектин сыныктары, бактардын кесиндилери ж.б.
2.4. ТККны жеке, же уюмдун, ишкананын, мекеменин унаасы менен (өзүнчө ташуу) ташууга тыюу салынат. Өзгөчө учурларда өзүнчө ташуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте, санитардык- экологиялык көзөмөл органдары жана ишкананын макулдугу менен таризделинет.
2.5.Милдеттүү түрдө ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу келишимин түзүүчү объэктилердин санына төмөнкүлөр кирет:
-турак-жай үйлөрү (көп батирлүү, жеке курулуудагы үйлөр);
-коомдук имараттар жана мекемелер (мектептер,окуу жайлар, мектепке чейинки мекемелер, маданият –тиричилик максатындагы мекемелер, менчик түрүно карабастан бардык даарылоочу мекемелер);
-өндүрүш ишканалары жана уюмдары;
-соода жана коомдук тамактануу ишканалары;
-соода-сатык ишканалары,базарлар.
2.6. ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу келишими жыл сайын түзүлөт.
Кийинки жылга келишим түзүү үчүн зарыл маалыматтар үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин берилиш керек. Келишимде эки жактын укуктары жана милдеттери каралат.
2.7.ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу баасы колдонуучу ТККнын чогултуу ченемдерине ылайык жана калдыктардын 1куб.м. тарифине ылайык көрсөтүлөт. ТККны кабыл алуу жана ташып чыгаруу баасынын эсеби келишимдин бөлүнгүс бөлүмү болуп эсептелет.
2.8.Келишимге эки келишим түзүүчү жактын колдорунан башка милдетүү түрдө кабыл алууга тыюу салынган ТККнын тизмеги тиркелет.
2.9.Калктан ТККны кабыл алуу атайын бөлүнгөн аянтчаларда, ал жерде кенен кирүү жолу каралыш керек. Калдыктар суткасына 1 жолу белгиленген убакта кабыл алуу мезгилинде алынат. Калдыктардын идишин олдоксон урунгандан чачылган калдыктар, ишкананын техникалык персоналы тарабынан, ТККны кабыл алуучу атайын унаа кеткиче жыйналыш керек.
2.10.Шаардын, короо-жайлардын, токойлордун, токой тилкелеринин ж.б. аймагында бардык түрүндөгү ТККны күйгүзүүгө тыюу салынат.
3. Шаардын аймагында калдыктарга мамиле кылуу эрежелери
3.1. Тиричиликтин катуу калдыктары (ТКК) белгиленген аянтчаларда катуу жабуусу менен, атайын темир контейнерлерде сакталыш керек. Аянтчалар турак жайга 25м. жакын эмес жерде орнотулуш керек. Контейнерлердин толуп-ташып кетүүсүнө жол бербеш керек, аларды өз убагында ташып чыгаруу, калдыктарды ташуучу атайын ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык камсыздалыш керек.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ТККны жол, курулуш аянттарын ж.б. салууда колдонууга;
-өндүрүш аянттарында, өзгөчө турак жай райондорунун жанында, ТККны күйгүзүүгө;
- ТККны ачык контейнерлерде бир жумадан ашык сактоого (чирип кетүүчү калдыктардын көп проценти бар калдыктар үчүн, жай убагында бул мөөнөт 2 күнгө чейин кыскартылат).
3.2. Шаардын аймагында тиричиликтин катуу калдыктары 0,75 куб.м. көлөмдөгү контейнерлерде ТККга дайындалган аянтчаларда, жайгаштыруу схемасына ылайык чогултулат.
3.3. Ири габариттүү таштандылар (ИГТ) контейнерлердин аянттында 7,5-8 куб.м. болгон чогултуучу бункерлерде жыйылат. Ири габариттүү таштандылар калдыктар үчүн стандарттуу контейнерлерде чогулбаш керек.
3.4.Административдик имараттардын,социалдык чөйрөдөгү объектилердин аймагындагы ТККны чогултуу жана чыгаруу жоопкерчилиги ушул Жобого ылайык көрсөтүлгөн объектердин (баланс кармоочу) ээлерине жүктөлөт.
Юридикалык жактар жана жеке ишмерлер, ошондой эле физикалык адамдар үчүн ИГТ ташып чыгаруу түзүлгөн келишимге ылайык, белгиленген график боюнча ишке ашат. Келишимде көрсөтүлгөн билдирме мөөнөтүндө ташып чыгарылат.
3.5.Турак-жай менчик ээлеринин шериктештиги (мындан ары ТЖМЭШ) түзүлгөн көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн аймагынан ТККны ташып чыгаруу, ТЖМЭШтин атайын ишканасы менен түзүлгөн келишими боюнча ишке ашат, калдыктарды ташып чыгуу тиешелүү ТЖМЭШке жүктөлөт.
3.6.Жеке турак-жай үйлөрүнүн аймагындагы калдыктарды чогултуу ушул Жобо менен жана түзүлүүчүкелишим боюнча жеке турак-жай үйлөрүнүн ээлерине жүктөлөт.
3.7.Эгерде жеке жана аз этаждуу турак-жай үйлөрүнүн ээлери тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуучу жана ташып чыгаруучу ишкана менен келишим түзбөсө, алар ишканадан алынган өзүнчө документ (талон, квитанция ж.б. документтер) боюнча көмүүчү полигондо калдыктарды өз бетинче утилизациялайт.
4.Полигондо ТККны кабыл алууну уюштуруу
4.1. Полигонду тейлөөчү ишкананын персоналы Полигонго келүүчү ТККны кабыл алат жана көзөмөлдөйт.
4.2. Полигондо кабыл алынуучу ТККнын саны катталат жана “Тиричиликтин катуу калдыктарынкаттоочу көктөмөсүндө” атайын көктөмөдө полигондун персоналы тарабынан эсептелинет.
4.3.Ишкана менен келишим түзүлбөгөн жана адистештирилбеген унаа менен ташылуучу, ТККны кабыл алууга тыюу салынат.
4.4. Полигондо ТККны кабыл алууну уюштуруу жаратылышты коргоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо долбоорунун негизинде иштелип чыккан, Полигонду колдонуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
5. Жобону бузуулар үчүн жоопкерчилик
5.1.Жеке жана юридикалык жактар, жеке ишмерлер тарабынан ушул Жобо милдеттүү түрдө колдонулсун.
5.2.Ушул жобону бузгандыгы үчүн колдонуучу Мыйзамга ылайык тартиптик, админстративдик, мүлктүк жана жазык жооркерчилиги каралган.
5.3.Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте, ушул Жобонун талаптарын бузуу менен жүргүзүлүүчү ишмердүүлүк чектелиши,токтулушу мүмкүн.
Токмок шаардык Кеңешинин жоопту катчысы |
Р.Кадыркулова |