ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2011-жылы 9-мартындагы № 211/36-2 (Токмок шаарынын 2010-жылдагы ичинде соцалдык - экономикалык өнүгүүсү жөнүндө мэрдин м.а. жана 2011-жылга милдеттери жөнүндө отчету) токтому

Редакция09.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

XXXVI СЕССИЯСЫ

2011-жылы 9-марты № 211/36-2

Токмок шаарынын 2010-жылдагы

ичинде соцалдык - экономикалык

өнүгүүсү жөнүндө мэрдин м.а. жана

2011-жылга милдеттери жөнүндө отчету

Токмок шаарынын мэринин м.а. Н.К.Абдымажитовдун "Токмок шаарынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө жана 2011-жылга милдеттери" отчетун жөнүндө угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде

Токмок шаардык кеңеши

токтом кылат:

1.Токмок шаарынын мэринин м.а. Н.К.Абдымажитовдун Токмок шаарынын 2010-жылдагы социалдык - экономикалык өнүгүүсү жөнүндө отчету эске алынсын.

2.Токмок шаарынын мэринин м.а. Н.К.Абдымажитовдун иши отчеттук 2010-жылы канааттандырарлык эмес деп таанылсын.

3.Токмок шаарынын мэринин м.а. Н.К. Абдымажитовдун ээлеген кызматына дал келүүсү жөнүндө маселени кароого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу берилсин.

4.2011-жылга Токмок шаарынын социалдык - экономикалык жактан өнүгүү планы бекитилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, профилдик депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

М.Джаманбаев