Редакцияот 23.04.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 23-апрели ПЖ № 196

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун

төрагаларын жана алардын орунбасарларын

дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-статьясынын 6-пунктунун 3-абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облустук сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Дүйшенбиев Болот Дүйшенбиевич беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Калканов Съездбек Сабырович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Талас облустук сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Курманбаев Жекшеналы Анарбекович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Раяпов Болот Овматович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Талас облустук сотунун төрагасынын орунбасары болуп дайындалсын.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев