ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2007-жылдын 23-апрелиндеги ПЖ № 196 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана алардын орунбасарларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция23.04.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 23-апрели ПЖ № 196

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун

төрагаларын жана алардын орунбасарларын

дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-статьясынын 6-пунктунун 3-абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облустук сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Дүйшенбиев Болот Дүйшенбиевич беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Калканов Съездбек Сабырович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Талас облустук сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Курманбаев Жекшеналы Анарбекович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.

5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Раяпов Болот Овматович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Талас облустук сотунун төрагасынын орунбасары болуп дайындалсын.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев