Загрузка документа…
КР Президентинин 1993-жылдын 7-сентябрындагы №241 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗ
1992-жылдын 10-январы ПЖ № 6
Кыргыз Республикасынын ишкердүү «Гален дарылары» долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасында дары-дармек менен камсыздандыруу улам начарлап, кризистик абалга жетти. Бул калкка медициналык жардам көрсөтүүнү абдан татаалдантып, аны натыйжасыз кылууда. Ошол эле учурда республиканын муктаждыгын гана канааттандырбастан, ошондой эле анын улуттук кирешесинин сезилээрлик булагы болуп кала турган сандагы гален дарыларын (табигый чийки заттын түзүүчүлөрү пайдаланылуучу дарылар) өндүрүүгө болгон бөтөнчө мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбоодо.
Өсүмдүктөн жана малдан алынуучу дарыларды өндүрүүнү бир кыйла кеңейтүү, дары-дармек препараттарын даярдоонун натыйжалуу технологияларын иштеп чыгуу жана өздөштүрүү максаттарында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ишкердүү «Гален дарылары» долбоору түзүлсүн.
2. Ишкердүү «Гален дарылары» долбоорунун чектеринде 1992-жылдын 10-январына чейин өз ичине «Бишкекбиофарм» өндүрүштүк бирикмесин, Бишкектеги антибиотик заводун, Кыргыз дары-дармек жана жыттуу өсүмдүктөр илим-изилдөө станциясын, адистешке «Арашан» дары-дармек совхозун, Тельман атындагы адистешкен эфир майлары совхозун, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын биофармакология институтун камтыган мамлекеттик «Кыргызфарминдустрия» концерни түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ишкердүү «Гален дарылары» долбоорунун башкы директолоруна, мамлекеттик «Кыргызфарминдустрия» концернинин төралыгына Матыев Эркинбек Сагыналиевич дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1992-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Ишкердүү «Гален дарылары» долбоору жөнүндө Жобону, мамлекеттик концерндин түзүлүшүн жана штаттарын аларды күтүүгө зарыл каражаттарды кароо менен иштеп чыксын жана бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |