Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 12 марты ПЖ № 56
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 4 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо тууралуу маселеси боганча чечимин ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамындагы атайын аскердик түзүм болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардияны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин курамынан иштеп жаткан уюштуруу-штатуык түзүмүндө, тиешелүү документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына өткөрүп берүү менен; чыгарсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курамынан иштеп жаткан уюштуруу-штаттык түзүмүндө, функцияларын, милдеттерин, тиешелүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына өткөрүп берүү менен чыгарсын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу укуктук, уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдъш 1 I-ноябрындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардия жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштан күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 12 марты ПЖ № 56
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө
(КР Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 4 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо тууралуу маселеси боганча чечимин ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамындагы атайын аскердик түзүм болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардияны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин курамынан иштеп жаткан уюштуруу-штатуык түзүмүндө, тиешелүү документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына өткөрүп берүү менен; чыгарсын;
(КР Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы N 183 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)