Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 06 марты ПЖ № 52
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматгын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2014-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөтүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасыиын жарандарыпын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтун өтөп буткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнун жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.
2.Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2014-жылдын апрель-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрунө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөенөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.
4.Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |