Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 30 апрели ПЖ № 98
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Kыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө
(КР Президентинин 2015-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 40 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин терең урматтап, аларга кошумча социалдык колдоо керсөтүү, Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгын белгилөө максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды көрөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга жана экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынан ай сайын төмөнкүдөй үстөк акы белгиленсин:
- 2014-жылдын 1-майынан тартып 2015-жылдын 1-майына чейин – 3 000 (үч миң) сом өлчөмүндө;
- 2015-жылдын 1-майынан тартып - 7 000 (жети миң) сом өлчөмүндө.
(КР Президентинин 2015-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 40 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Реснубликасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн үстөк акыны төлөөнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |