Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 23-марты ПЖ № 40
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо чаралары жөнүндө
Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин зор эрдигине терең таазим этип, аларга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 98 «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды көргөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга жана экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынан ай сайын төмөнкүдөй үстөк акы белгиленсин:
- 2014-жылдын 1-майынан тартып 2015-жылдын 1-майына чейин – 3 000 (үч миң) сом өлчөмүндө;
- 2015-жылдын 1-майынан тартып - 7 000 (жети миң) сом өлчөмүндө.».
2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы, Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоонун урматына 2015-жылдын 9-майына карата Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынан төмөнкүлөргө 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул төлөнсүн:
- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына;
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга;
- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
- Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө;
- Улуу Ата мекендик согуштун каза болгон майыптарынын жана катышуучуларынын кийин кайта никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине), ошондой эле «Ленинградцы коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын кийин кайта никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине).
3. Ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга бир жолку берилүүчү акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсияларына, жөлөкпулдарына, акчалай компенсацияларына карабастан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте ушул Жарлыктын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн төлөөлөрдү камсыз кылсын.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартьш күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |