ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
УКАЗ
2006-жылдын 11-декабры ПЖ № 584
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
кээ бир судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95, 98-статьяларын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-статьясынын 4-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-статьясынын 11-пунктчасын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин корутундусунун негизинде төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматтарынын бошотулсун:
Саркишев Келсинбек Дыйканбаевич - Талас облустук сотунун төрагалыгынан;
Абдымомунов Бактыгул Кадырбаевич - Ысыккөл облустук сотунун төрагалыгынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
К.Бакиев |