ЖарлыкКүчүндө

Кр Президентинин 2006-жылдын 11-декабрындагы ПЖ № 584 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кээ бир судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция11.12.2006 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

УКАЗ

2006-жылдын 11-декабры ПЖ № 584

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун

кээ бир судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95, 98-статьяларын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-статьясынын 4-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-статьясынын 11-пунктчасын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин корутундусунун негизинде төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматтарынын бошотулсун:

Саркишев Келсинбек Дыйканбаевич - Талас облустук сотунун төрагалыгынан;

Абдымомунов Бактыгул Кадырбаевич - Ысыккөл облустук сотунун төрагалыгынан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

         Президент

Кыргызской Республики

 

К.Бакиев