Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2009-жылдын 21-майы ПЖ № 243

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2005-жылдын

30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык климатын жакшыртуунун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жана ички жол-жоболор менен тышкы инвестицияларды натыйжалуу айкалыштыруунун жаңы механизмдерин киргизүү боюнча иштерди оптималдаштыруу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги" деген № 1 тиркемесинин "Кыргыз Республикасынын министрликтери" деген бөлүмүндө:

4-пункттагы "1295" деген сан "1298" деген сан менен алмаштырылсын;

5-пункттагы "357" деген сан "362" деген сан менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев