Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2009-жылдын 22-июну ПЖ № 285
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын системасын өркүндөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 410 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтардагы "мамлекеттик ишканасын" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр "мамлекеттик мекемесин" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзац "чыгымдарын финансылоону" деген сөздөрдөн кийин "социалдык жөлөкпулдардан жана стипендиялардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |