Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2009-жылдын 10-ноябры ПЖ № 498
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн
оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы
Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу
Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгы менен бекитилген "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген 5-тиркемесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсүнүн 2-пункту "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |