Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 4-февралы ПЖ № 53
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Банк системасына болгон ишенимди жогорулатуу боюнча чараларды андан ары жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын нормаларын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар жана 2003-жылы туруктуу өнүктүрүү жана кедейликти кыскартуу боюнча милдеттер жөнүндөгү" Жарлыгынын № 2 тиркемесинин Кыргыз Республикасынын Президенти 2003-жылы 12-мартта "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн негизи" деген Кыргызстандын элине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайралуусунда жана Кыргыз Республикасында кедейликти кыскартуу боюнча Улуттук II форумда алдыга койгон милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын Матрицасынын 112-пунктундагы төмөнкү абзацтар алып салынсын:
- "Депозиттерди коргоо жөнүндөгү";
- кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу мыйзамдарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү, анын ичинде:
"Кредиттик союздар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
"Борбордук кредиттик союз жөнүндөгү" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентябрындагы № 290 "Инвестициялык жана башка ишкердикти колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жеке секторун инвестициялоого көмөктөшүү" Инвестициялык матрицасынын (2003-жылдын августу - 2004-жылдын августу) "Банк системасына ишенимди жогорулатуу боюнча чаралар" деген 4.8-пункттагы б) пунктчасы алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |