Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2000-жылдын 19-майы ПУ № 126
Кыргыз Республикасынын Президентинин2000-жылдын 17-апрелиндеги "Айыл чарба
продукциясын даярдоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча ишканаларды өнүктүрүү жана
колдоо жөнүндөгү" Указын жүзөгө ашырууну
механизмдерин иштеп чыгуу жөнүндө
Республиканын агрардык секторунда рыноктук реформаны колдоо жана чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-апрелиндеги "Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо жөнүндөгү" Указын жүзөгө ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Жумушчу топ аталган Указды жүзөгө ашыруунун механизмдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуш киргизсин. Анын бардык пункттары аларды жүзөгө ашыруунун механизмдери бекитилгенден кийин эл аралык финансы уюмдары менен болгон макулдашууларга ылайык күчүнө кире тургандыгы белгиленсин.
3. Бул Указды жүзөгө ашыруу үчүн контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |