Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2001-жылдын 27-ноябры ПУ № 346
Британиянын техникалык жардамына тиешелүү
Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк
Ирландия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы
өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумду
ратификациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2001-жылы 4-ноябрда Бишкек шаарында кол коюлган Британиянын техникалык жардамына тиешелүү Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандум ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Улуу Британия Бириккен Королдугу менен Түндүк Ирландиянын Өкмөтүнө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |