ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2001-жылдын 27-ноябрындагы ПУ № 346 «Британиянын техникалык жардамына тиешелүү Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Указы

Редакция27.11.2001 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

УКАЗЫ

2001-жылдын 27-ноябры ПУ № 346

Британиянын техникалык жардамына тиешелүү

Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк

Ирландия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы

өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумду

ратификациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2001-жылы 4-ноябрда Бишкек шаарында кол коюлган Британиянын техникалык жардамына тиешелүү Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандум ратификациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Улуу Британия Бириккен Королдугу менен Түндүк Ирландиянын Өкмөтүнө билдирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев