Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2001-жылдын 14-октябры ПЖ № 296
Кыргыз Республикасынын темир жол байланышында
чек ара контролун уюштуруу жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын темир жол байланышында коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу жана мыйзамсыз миграцияга жана контрабандага каршы туруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Р0спубликасынын темир жол байланышында Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өтүүчү кишилердин, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн чек ара контролу уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын темир жол байланышында чек ара контролун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын коопсуздук кызматына жүктөлсүн.
3. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөт ичинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын темир жол байланышында чек ара контролун уюштуруу тартибин аныктасын;
- бул Указдан келип чыгуучу уюштуруучулук, каржылоо жана башка маселелерди чечсин;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Указга ылайык келтирсин.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |