Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 26-июлу ПЖ № 147

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 58-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын Учар жана Дыйкан-Кыштак шайлоо округдары боюнча кайталап шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалсын.

2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү учун зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Ош облусунун Кара-Суу районун мамлекеттик администрациясынын башчысы тийиштүү шайлоо комиссияларын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүүдө, тактоодо жана түзүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.

5.  Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6.  Бул Жарлык расмий жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев