Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 2-октябры ПЖ № 166
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттик каражаттарды эсепке алуунун аныктыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу майнаптуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- 11-пункттун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10) аларга бекитилип берилген мүлктү ижарага берүүгө, мамлекеттик мүлктү ведомстволук уюмдардын оперативдүү башкаруусуна жана чарбалык карамагына берүүгө, ведомстволук уюмдарга бекитилип берилген мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого;";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилген Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө Жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинин каражаттарынан, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнөн жана башка келип түшүүлөрдөн толтурат, ал каражаттарды ишин камсыз кылуу Иш башкармасына, ведомстволук уюмдарга жүктөлгөн кызмат адамдарынын жана мамлекеттик органдардын тийиштүү материалдык-техникалык базасын жана алардын иши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, алардын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана кепилдик берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле башка максаттар үчүн пайдаланат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |