Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 285 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 8-октябры ПЖ № 168
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамында:
Т.А. Акеров чыгарылсын;
Чуй университетинин социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун башкармасынын мүчөсү Молдокасымов Кыяс Сатарович киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |