КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 23-октябры ПЖ № 192
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын эффективдүүлүгүн андан ары жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главанын "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты" деген графасы төмөнкүдөй мазмундагы VI топ менен толукталсын:
"
VI топ |
|
| Инспектор Эксперт |
";
- "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главанын 3.1-пунктунун "Башкы кызмат орду" деген тобунун "Г-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Референт".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |