Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 30-майы ПУ № 134а
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун
борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө"
Указына өзгөртүү киргизүү тууралу
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Указынын 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, экономикалык өнүктүрүү, соода жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, вице-премьер-министр - транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары кирет.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри вице-премьер-министрдин милдеттерин эки ишти айкалыштыруу менен аткара тургандыгы белгиленсин. Премьер-министрдин аппаратынын жетекчиси кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын министри болуп саналат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Указдан келип чыккан уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Указ 2002-жылдын 30-майынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |