ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2002-жылдын 30-майындаыг ПУ № 134а «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө» Указына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы

Редакция30.05.2002 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2002-жылдын 30-майы ПУ № 134а

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2000-жылдын 28-декабрындагы "Мамлекеттик башкаруунун

борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө"

Указына өзгөртүү киргизүү тууралу

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Указынын 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, экономикалык өнүктүрүү, соода жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, вице-премьер-министр - транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары кирет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри вице-премьер-министрдин милдеттерин эки ишти айкалыштыруу менен аткара тургандыгы белгиленсин. Премьер-министрдин аппаратынын жетекчиси кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын министри болуп саналат.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Указдан келип чыккан уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечсин.

3. Бул Указ 2002-жылдын 30-майынан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев