Редакцияот 21.09.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 21 сентябры ПЖ № 306

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабырындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын структурасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабырындагы № 354 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

     5- пунктун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын фонду жөнүндө Жобонун чегинде Иш башкармасынын социалдык-өндүрүштүк ишинен жана башка жактан түшкөн каражаттардан фондду түзөт жана жетекчилик кылат. Фонддун каражаттарын белгиленген максаттарда пайдаланат:»

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев