КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 29-октябры ПЖ № 196
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93 жана 102-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
- "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главанын "Кыргыз Республикасынын сот бийлиги" деген бөлүмүнүн IV тобу төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору(*)";
- "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главанын 3.4-пунктунун "Сот департаменти" деген графасында:
"Жогорку кызмат орду" деген тобунун "В-A" категориясынын биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
"Улук кызмат орду" деген топто:
"С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Улук сот аткаруучу";
"С-Б" категориясынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |