Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 21-октябры ПЖ № 182
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 95 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан Н.Т.Арипов, З.М.Асанкожоева чыгарылсын;
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынын лидери Сабиров Максат Эсенович (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович (макулдашуу боюнча) киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |