Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 272 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 10-июну ПЖ № 139
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө жана ротациялоонун зарылдыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 95 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 21-октябрындагы № 182 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Атамбаев Алмазбек Шаршенович | - | Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы; |
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; |
Токбаева Айнаш Абдымановна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Бабанов Өмүрбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Исаев Канат Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Төрөбаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Текебаев Өмүрбек Чиркешович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Джумакадыров Темир Курмангазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы; |
Джолдубаева Индира Ырысбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Кадыралиев Айбек Джумабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин катчысы; |
Борцова Светлана Валерьевна | - | экология боюнча көз карандысыз эксперт, "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Усупбекова Айнура Максатбековна | - | "Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча); |
Юлдашева Азиза Узгеновна | - | "Жер Азыгы" Кыргызстандын Агробизнесмендеринин Ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору; |
Койчуманов Таалайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы; |
Ускенбаева Гүльнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Руслан Акматбек | - | "ЖИА бизнес ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |