КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы N 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2001-жылдын 16-апрели N 171
Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тарбиялоочу колониядагы Камкордук кеңеши жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган Жобого ылайык тарбиялоочу колонияларда Камкордук кеңештерин түзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына ташпырылсын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Бакиев |