Загрузка документа…
2001-жылдын 17-апрели № 177
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтому менен бекитилген
Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды,
иштерди жана материалдарды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнүндө Жо-
бого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Жалпы жоболор" деген 1-бөлүмдө:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- спорт тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн.";
2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн 10 сыйлыгы ыйгарылат.";
- "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгарма-
ларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүүнүн тартиби" деген III бөлүмдө:
8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- конкурсанттарды спорт тармагындагы жетишкендиктери үчүн көрсөтүүдө – спорттук
жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар, дипломдорунун копиялары, алган байгелеринин
күбөлүктөрү, конкурсанттын ишкердигинин натыйжалары жөнүндө пикирлер".
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр К.Бакиев