Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 387, 2003-жылдын 1-августундагы № 481 2013-жылдын 13-февралындагы № 70, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 732, 2016-жылдын 1-августундагы № 422 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) республикада түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын соодалоо боюнча ишкердикти тартипке салуу жана аларга байланыштуу өлкөнүн экономикасына жана коопсуздугуна зыян келтирүүчү мыйзам бузуу фактыларын токтотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-мартындагы № 141 Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыкты.
1. Бул Жобо түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу учурунда байланыш каражаттарын, энергетика комплексин жана башка объекттерди атайылап сындыруудан, бузуудан, уурдоодон коргоо максатында түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууну, сатып алууну, кайра иштетүүнү, сатууну жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышка алып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуунун принциптерин аныктайт.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 422 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул Жобо түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча субъекттердин иштөө тартибин аныктайт.
4. "Темир" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын "25" апрелиндеги № 191 токтому менен бекитилген өзүнүн Уставына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга, кайра иштетүүгө жана сатууга укуктуу.
Ушул жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттер (юридикалык жактар) өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Республиканын бардык ишканалары менен мекемелеринде ар кандай машиналардын, жабдуулардын, аспаптардын, шаймандардын, тетиктердин физикалык жана моралдык жактан эскирүүсүнөн, продукция чыгарууда кырынды, кесинди, өөн, штамп калдыгы ж.б. сыяктуу түрдө пайда болгон түстүү жана кара металлдардын сыныктары жана калдыктары толук эсепке алынууга жана чогултулууга тийиш.
7. Түстүү жана кара металладардын сыныктары жалгыз гана "Темир" мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын колдонуучу, ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн башка чарбакер субъекттердин (юридикалык жактардын) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын кабыл алуучу туруктуу пункттарында кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктары төмөнкүдөй кабыл алынат:
- сыныктарды жеке тапшыруучулардан фамилиясын, аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын жана жашаган жеринин дарегин, тапшырылган сыныктын жана калдыктын санын көрсөтүп сатып алуу актыларын толтуруу жолу менен;
- юридикалык сынык тапшыруучулардан аныкталган тартипте накладнойлорду жана калдыктын паспортун тариздөө жолу менен.
9. Кабелдик продукциянын жана электр берүү линияларынын зымдарынын калдыктарын, ошондой эле трансформатордук подстанциялардын тетиктерин аларды пайдалануучу уюмдардын алардын утилдештирилгендиги тууралуу документ жүзүндөгү ырастамасы болмоюнча чогултууга жана сатып алууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын өз продукциясын чыгарууга пайдаланган ишканалар аларды "Темир" мамлекетик ишканасынан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн тийиштүү документтерди толтуруу менен сатып алууга укуктуу.
Өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын колдонуучу, ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттер (юридикалык жактар) "Темир" мамлекеттик ишканасынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка юридикалык жана жеке жактарынан тийиштүү документтерди тариздөө менен ушул Жободо белгиленген тартипте сатып алууга укуктуу.
"Темир" мамлекеттик ишканасы, ошондой эле ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттер (юридикалык жактар) түстүү жана кара металлдардын калдыктарын жана сыныктарын кабыл алууда радиациялык контролду (коопсуздукту) камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 481 токтомуна ылайык күчун жоготту)
12. Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын жалгыз гана "Темир" мамлекеттик ишканасы экспорттойт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Юридикалык жана жеке жактар ушул Жобонун жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
14. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 732 токтомунун редакциясына ылайык)
"Уста" ачык акционердик коому
"Дастан" ТУК" ачык акционердик коому
"Автомаш-радиатор" жоопкерчилиги чектелген коому
"ЛахорСтилМилс" жоопкерчилиги чектелген коому
"Электротерм" стандарттуу эмес жабдуулар заводу" жоопкерчилиги чектелген коому
"Джей Минералс энд Металс" жоопкерчилиги чектелген коому
"Фумал" жоопкерчилиги чектелген коому
"Насос" жоопкерчилиги чектелген коому
"Швын-Фа" жоопкерчилиги чектелген коому
"Сталь-Шесть" жоопкерчилиги чектелген коому
"Мин-Син" жоопкерчилиги чектелген коому
"М.В.Фрунзе атындагы металл прокаттоочу завод" жоопкерчилиги чектелген коому
"Бишкек Вторчермет" жоопкерчилиги чектелген коому
"Маяк" жоопкерчилиги чектелген коому
"МИФУ" жоопкерчилиги чектелген коому
"Вулкан" жоопкерчилиги чектелген коому
"Шун ди Ли" жоопкерчилиги чектелген коому
"Ак-Темир Компани" жоопкерчилиги чектелген коому
"Хай-Хуа" жоопкерчилиги чектелген коому
"Усубалиев" жеке ишкер.