Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-февралы № 70
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү жана сатуу менен байланышкан иштерди өркүндөтүү, аларды Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларынын пайдалануусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартибин жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттер (юридикалык жактар) өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултууга, сатып алууга укуктуу.";
- 5, 14 жана 15-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-пункт "Темир" мамлекеттик ишканасынын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын колдонуучу, ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн башка чарбакер субъекттердин (юридикалык жактардын)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Кабелдик продукциянын жана электр берүү линияларынын зымдарынын калдыктарын, ошондой эле трансформатордук подстанциялардын тетиктерин аларды пайдалануучу уюмдардын алардын утилдештирилгендиги тууралуу документ жүзүндөгү ырастамасы болмоюнча чогултууга жана сатып алууга тыюу салынат.";
- 10-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын колдонуучу, ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттер (юридикалык жактар) "Темир" мамлекеттик ишканасынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка юридикалык жана жеке жактарынан тийиштүү документтерди тариздөө менен ушул Жободо белгиленген тартипте сатып алууга укуктуу.
"Темир" мамлекеттик ишканасы, ошондой эле ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттер (юридикалык жактар) түстүү жана кара металлдардын калдыктарын жана сыныктарын кабыл алууда радиациялык контролду (коопсуздукту) камсыз кылууга милдеттүү.";
- 12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын экспорттоо үчүн берген корутундуда көрсөтүлгөн калдыктардын көлөмүнөн тышкары" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"13. Юридикалык жана жеке жактар ушул Жобонун жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартышат.";
- Убактылуу жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого мамлекеттик монополияны белгилөө каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун;
- мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 191 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-февралындагы № 70 токтомуна тиркеме |
| "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
1. "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коому;
2. "Уста" ачык акционердик коому;
3. "Электротехник" ачык акционердик коому;
4. "ТНК Дастан" ачык акционердик коому;
5. "Автомаш-радиатор" жоопкерчилиги чектелген коому;
6. "ЛахорСтилМилс" жоопкерчилиги чектелген коому;
7. "Электротерм" стандарттуу эмес жабдуулар заводу" жоопкерчилиги чектелген коому;
8. "Jay Mi№erals a№d Metals" жоопкерчилиги чектелген коому;
9. "Кара-Балта металл" жоопкерчилиги чектелген коому;
10. "Фумал" жоопкерчилиги чектелген коому;
11. "Нур" ачык акционердик коому;
12. "Насос" жоопкерчилиги чектелген коому;
13. "Швын-Фа" жоопкерчилиги чектелген коому;
14. "Сталь-Шесть" жоопкерчилиги чектелген коому;
15. "Мин-Син" жоопкерчилиги чектелген коому.". |
|