Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 28-ноябры ПЖ № 211
А.Н.Конгайтиев, Р.Нурматов жана М.Орозбеков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунуштары боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Талас облусунун Талас шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Конгайтиев Анарбек Шайылдаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Нурматов Раимжан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Орозбеков Муратбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |