ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2014-жылдын 28-ноябрындагы ПЖ № 211 «А.Н.Конгайтиев, Р.Нурматов жана М.Орозбеков жөнүндө» Жарлыгы

Редакция28.11.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2014-жылдын 28-ноябры ПЖ № 211

А.Н.Конгайтиев, Р.Нурматов жана М.Орозбеков жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунуштары боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:

- Талас облусунун Талас шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Конгайтиев Анарбек Шайылдаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Нурматов Раимжан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Орозбеков Муратбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев