Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 25-декабры ПЖ № 454
"Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди
турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор
аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралу
Вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди кайра бөлүштүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы № 372 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- 1-пункттун экинчи абзацында "биринчи" деген сөз алып салынсын;
- 1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орунбасары";
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүтүрүү, өнөржай жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри";
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар Мамлекеттик агентствосунун директору".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
|
| |
|
| |
|
| |