ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 «Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу» Жарлыгы

Редакция25.12.2004 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 25-декабры ПЖ № 454

"Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди

турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор

аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы Указына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралу

 

Вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди кайра бөлүштүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 12-декабрындагы № 372 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

- 1-пункттун экинчи абзацында "биринчи" деген сөз алып салынсын;

- 1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орунбасары";

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүтүрүү, өнөржай жана соода министри;

Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри";

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри;

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар Мамлекеттик агентствосунун директору".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев