Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 365 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 13-декабры ПЖ № 222
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун 2-пунктчасындагы “Пирамида” медиахолдингинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият” телеканалынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |