Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2015-жылдын 17-февралы ПЖ № 26
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, филология илимдеринин кандидаты, жетекчи (макулдашуу боюнча); |
Эрматов Эгемберди | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, жетекчинин орун басары; |
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, жетекчинин орун басары; |
Абдысадыр уулу Азат | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы; |
Акматалиев Абдылдажан | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор; |
Биялиев Кутманбек Абакович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин чет тилдер жогорку мектебинин директору, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Дюшеева Гулмира Самтыевна | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин кыргыз тил программасынын улук окутуучусу (макулдашуу боюнча); |
Ишекеев Назаркул | - | филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Карашев Аалы Азимович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кулматов Алмазбек Окинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жооптуу катчысы; |
Молдогазиева Айдай Турганбаевна | - | "Universum" маданий-билим берүү борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Турсунов Раушанбек Турсунович | - | Ош мамлекеттик университетинин өзбек филологиясы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент (макулдашуу боюнча); |
Шаповалов Вячеслав Иванович | - | котормочу, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча). |