Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 6-марты ПЖ № 33
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Нарымбаев Данияр Ильич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алымкулова Сынару Кадыровна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); |
Беделбаев Аскар Беделбаевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Жуманалиев Тынчболот Дадыйевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Жон Али Алиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун дунган таануу жана китаистика борборунун улук илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Дүйшеев Жеңиш Аматисакович | - | Жалал-Абад шаарынын экономика жана ишкердик университетинин философия кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты; |
Иманкулов Мурат Калматович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык сабактар лабораториясынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Кененсариев Ташмамбет Кененсариевич | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Кожобеков Мурат Чалакеевич | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Кольченко Валерий Анатольевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн илимий кызматкери; |
Конкобаев Кадыралы | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Көчкүнов Айдарбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын профессору, тарых илимдеринин доктору; |
Машрапов Таласбек Туратбекович | - | Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор (макулдашуу боюнча); |
Мокеев Анварбек | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондусунун төрагасынын орун басары, тарых илимдеринин кандидаты; |
Өмүрбеков Токторбек Наматбекович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Өскөн Жусупбекович | - | К.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Рыскулов Токтобек Мамбетович | - | Бишкек гуманитардык университетинин Кыргызстан жана чет өлкөлүк чыгыш тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Смадияров Садык Акунович | - | Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Ставская Людмила Георгиевна | - | Кыргыз-Россия Славян университетинин тарых жана маданият таануу кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Табалдиев Кубатбек Шакиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин консультанты, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Турдалиева Чолпон Жапарбековна | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология программасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович | - | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондусунун төрагасы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин регион таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча). |