Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 18-марты ПЖ № 39
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-мартында N 24 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Жумакадыров Темир Курмангазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, жетекчи; |
Токтогулов Кылычбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, жетекчинин орун басары; |
Казаков Бөкөнбай Жаныкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору, жетекчинин орун басары; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы, жетекчинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Каримбеков Алик Жолдошмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Насыров Алмаз Турусбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору; |
Үмөталиев Эмилбек Сатарович | - | ишкер, "Кыргызконцепт" компаниясынын уюштуруучусу (макулдашуу боюнча); |
Акматжанова Айгүл Аваскановна | - | көз карандысыз эксперт, "Будущее без коррупции - Трансперенси Интернешнл Кыргызстан" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Кайрат Медербекович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Пономарев Сергей Васильевич | - | көз карандысыз эксперт, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси (макулдашуу боюнча).". |