Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы N 261 токтому менен бекитилген |
Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202, 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1.1. Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси (мындан ары - КУК "Манас Ордо") - маданият, туризм тармагындагы иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме, ал илимий-изилдөө, маданий-агартуу, туристтик-экскурсиялык жана улуттук-спорттук максаттарда тарыхый-маданий жана жаратылыш комплексин, материалдык жана рухий дөөлөттөрдүн бүтүндүгүн сактоону, калыбына келтирүүнү, изилдөөнү жалпыга даңазалоону камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жаратылышты коргоо мекемеси болуп саналат.
1.2. КУК "Манас Ордо" өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. КУК "Манас Ордо" юридикалык жак болуп саналат, анын тиешелүү символикасы менен мөөрү болот.
1.4. КУК "Манас Ордо" республикалык бюджеттин эсебинен каржылант, ошондой эле өз алдынча балансы, улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктарда атайын эсеби болот.
1.5. КУК "Манас Ордо" өндүрүштүк-экономикалык ишин өз алдынча ишке ашырат, финансылык каражаттарын тескейт, өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Тарыхый-маданий объекттерди, тарых эстеликтерин алардын тарыхый, маданий жана жаратылыш чөйрөсүндөгү жаратылыш, маданият жана жаратылыш ландшафтарынын бүтүндүгүн жана сакталашын камсыз кылуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын статусу белгиленет. КУК "Манас Ордонун" аймагында жайгашкан жер, имараттар, курулуштар жана коммуникациялар күтүү жана пайдалануунун өзгөчө режиминде болот.
1.7. КУК "Манас Ордонун" корук зонасынын аймагында тарыхый-маданий дөөлөттөрдү, жаратылыш жана башка объекттерди эске алуу менен чарбалык жана башка иш-аракеттердин регламентин, чектөөлөрдү камтыган өзгөчө коргоонун дифференциялаштырылган режими белгиленет.
1.8. КУК "Манас Ордонун" корук зонасынын аймагында маданий жан жаратылыш мурастарына, тарыхый-маданий жана жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирүүчү жана КУК "Манас Ордонун" максаттары менен милдеттерине дал келбөөчү бардык иш-аракеттерге тыюу салынат.
1.9. КУК "Манас Ордо" өз аймагында экскурсиялык, туристтик, мейманкан, илимий-агартуу жана маданий-массалык иштерди уюштуруунун өзгөчө укутуна ээ. Иштин бул чөйрөсүнө адистешкен юридикалык жактар жана жеке адамдар КУК "Манас Ордонун"аймагында анын администрациясы менен келишим түзүүнүн негизинде гана иштей алышат.
II. КУК "Манас Ордонун" негизги милдеттери жана функциялары
Улуттук аң-сезимди андан ары бекемдөө, Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий, маданий баалуулуктарын, каада-салттарын, биримдигин, улуттук ынтымакташтыгын өнүктүрүүгө жана арттырууга, "Манас" эпосун дүйнөлүк маданияттын ажырагыс бөлүгү катарында руханий-адептүүлүк мурастарын даңазалоону активдештирүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык туризмин өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында КУК "Манас Ордо" төмөнкүлөрдү өткөрөт:
"Манас" эпосун пропагандалоо, маданий-массалык, туристтик-экскурсиялык иш-аракет жагынан:
- калктын руханий мурастары, коомду идеялык баш коштуруунун улуттук негиздери катарында Манас эпосунун жети осуятын, каада-салт, колдонмо искусствонун кенже эпосторун жана улуттук спорт оюндарын пропагандалоо;
- улуттардын биримдигин жана өз ара жакындашуусун бекемдөө максатында эл аралык конференцияларды, конгресстерди, слетторду;
- кыргыз элинин эпикалык мурастарына байланыштуу улуттук каада-салттар менен ырым-жырымдар, манасчы, акын жана санжырачылар боюнча массалык иш-чараларды;
- театрлаштырылган жана спорттук оюн-зоокторду, спорттун улуттук түрлөрүн ("аламан байге", "жорго салыш", "кыз куумай", "көк бөрү", "күрөш", "оодарыш", "ордо", "тогуз коргоол" ж.б.);
- "Манас" эпосун пропагандалоо жана агитациялоо максатында фестивалдарды, конкурстарды, кароолорду, салтка айланган улуттук колдонмо чыгармачылык көргөзмөлөрүн, шоу-концерттерди;
- стационардык, көчмө, ачык асман алдында экспозицияларды, лекцияларды, консультацияларды;
- жаратылыш, тарых, маданият эстеликтерин жана руханий мурасты пропагандалоо жана рекламалоо;
- илимий эмгектерди, монографияларды, жыйнактарды, рекламалык продукцияларды, буклеттерди, жол көрсөткүчтөрдү, проспекттерди, альбомдорду, комплекс боюнча афишаларды басып чыгаруу;
- туристтик иштерди жана республиканын, чет өлкөлөрдүн туристтик фирмалары менен кызматташтыкты уюштуруу.
Илимий-изилдөө иштери тармагындагы базалык жана тарыхый дөөлөттөр коруктун жана анын филиалдарынын аймактарындагы "Манас" эпосу музейинин сакталуучу жана экспонатка коюлуучу археологиялык, этнографиялык, жаратылыш коллекциялары, документалдык, фотографиялык жана башка материалдар болуп саналат. КУК "Манас Ордо" Кыргыз Республикасынын бирдиктүү музей фондунун составдуу бөлүгү болуп эсептелет жана мамлекеттин коргоосунда болот. Бир дагы мамлекеттик, коомдук же башка уюм КУК "Манас Ордонун" фондулук материалдарын анын макулдугусуз ажыратууга, алып коюуга же пайдаланууга укугу жок. КУК "Манас Ордонун" алдында илимий совет, анын иш-аракетинин натыйжалуулугун жакшыртуучу көмөктөшүү кеңеши түзүлөт, фондулук - сатып алуу комиссиясы музей фондусун дайыма толуктап турат, алар башкы директор тарабынан бекитилет.
КУК "Манас Ордо" илимий-изилдөө иштер тармагында:
- "Кыргыз Республикасынын Музейлер жана музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык музей фондунун эсебин алууну жүргүзөт. Коллекцияларды сактоо режимин камсыз кылат. Аукциондордо, лотереяларда, соода-сатыкта жана мамлекеттик башка ишканалардын берүүсү, уюмдар менен жеке адамдардан белек алуу, археологиялык казып алууларда жана башкалар менен материалдарды жыйноо аркылуу фондду толуктайт;
- Өздөрүнүн коллекциясына байланыштуу илимий-изилдөө иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзөт, эстеликтерди изилдейт, алардын тарыхый, илимий, көркөм баасын аныктайт жана аларды илимий түрдө баяндап жазат;
- архивдерде, китепканаларда жана башка мекемелерде сакталуучу материалдарды иликтейт;
- жалпы тарыхый проблемаларды, ошондой эле тектеш тарыхый жана гуманитардык дисциплиналарды изилдейт;
- илимий концепцияларды, тематикалык-экспозициялык пландарды, илимий отчетторду, монографиялар менен макалаларды, илимий карточкаларды, каталогдорду, фонду баяндамаларын, илимий паспортторду, эстеликтер менен коллекциялардын баяндалышын иштеп чыгат жана баяндайт.
III. КУК "Манас Ордосунун" структурасы
3.1. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.2. КУК "Манас Ордонун" материалдык-структуралык негизи;
Аймактар:
- чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган корук зонасынын аймагы;
- Талас областык мамлекеттик администрациясы тарабынан бөлүнүп берилүүчү корук зонасынан тышкары көмөкчү чарба үчүн 35 гектар жана "Кең-Кол" суусунун куймасында туризмди өнүктүрүүчү 6886 гектар жер;
Тарыхый эстеликтер:
- "Манас" эпосунун мамлекеттик музейи;
- "Манас" жана "Кырк чоро" эстеликтери;
- "Манастын күмбөзү" архитектурасынын тарыхый эстелиги, XVI кылым;
- Кең-Кол суусу аркылуу өтүүчү "Кырк чоро" көпүрөсү;
- символикалык "Башкы арка" дарбазасы;
- туристтик жалгыз аяк жолу бар "Кароол чоку" тоосу;
- аскадагы жазуулар, сүрөттөр;
- байыркы мүрзөлөр, ара коюлган таштар;
- байыркы тарыхый таштар;
- Талас областынын Манас районунун Арал айылындагы А.Усөнбаев атындагы музей-комплексинин филиалы.
Административдик-чарбалык багыттагы жана туристтерди тейлөө үчүн арналган КУК "Манас Ордонун" аймагындагы объектер.
- кызматтык кабинеттери бар административдик имарат, фондду сактоочу жай;
- "Манас Ата гүлзар багы" паркы;
- ипподром (5 000 орун);
- "Ак-Өргө" мейманканасы (24 орундуу);
- чайкана (40 орун);
- "Шыпаагер үйү" зыярат кылуу үйү;
- "Түлөөкана" курмандык чалуу үйү;
- "Манас айылы" (боз үйлөр шаарчасы);
- автотранспорт токтоочу жай (аянты 0,5 га).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. КУК "Манас Ордону" башкаруу
4.1. КУК "Манас Ордо" ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
КУК "Манас Ордо" башкы директору маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Башкы директордун, КУК "Манас Ордо" башкы директорунун сунушу боюнча маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган орун басары болот. Башкы директор жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.3. Башкы директор КУК "Манас Ордо" ишин жалпы жетектейт.
Башкы директор:
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө КУК "Манас Ордо" кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргойт;
- бардык финансылык, банктык, уюштуруу-тескөө, чарбалык документтерге биринчи кол коюу өзгөчө укугуна жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрдү сактоо укугуна ээ;
- белгиленген тартипте КУК "Манас Ордо" мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт;
- КУК "Манас Ордо" атынан келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жүргүзөт;
- маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен КУК "Манас Ордо" түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- КУК "Манас Ордо" кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, алардын милдеттерин аныктайт, алар менен эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт;
- КУК "Манас Ордо" бардык кызматкерлерине милдеттүү болгон жоболорду жана нускамаларды бекитет, буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык КУК "Манас Ордо" кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартип чараларын колдонот;
- маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КУК "Манас Ордо" имараттарын оңдоо жана реставрациялык иштерди жүргүзүүнү, реконструкциялоону камсыз кылат;
- КУК "Манас-Ордо" иштөөсү үчүн уюштуруу-техникалык шарттарды камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- КУК "Манас Ордо" финансы-чарбалык иштери менен байланышкан башка маселелерди чечет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Жылдык план төмөнкүдөй бөлүмдөр боюнча иштелип чыгат:
- чыгармачылык - өндүрүштук иш-аракет, комплекстин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, тышкы экономикалык, коммерциялык иштер, туристтик иштерди уюштуруу жана өнүктүрүү финансылык каражаттарды түшүрүү жана пайдалануу.
V. Финансылык иштер
5.1. КУК "Манас Ордо" өзүнүн финансы-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
КУК "Манас-Ордо" Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштеринин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп берет.
КУК "Манас-Ордо" каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Отчеттуулук жана контроль
6.1. КУК "Манас Ордо" белгиленген тартипте:
- өзүнүн структуралык подразделениелеринин жана кызматтарынын иш-аракеттерине контролдук кылат;
- жыл сайын белгиленген мөөнөттө КУК "Манас-Ордо" финансы-чарбалык иштери жөнүндө маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берип турат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202, 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6.2. КУК "Манас Ордо" ишинин аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. КУК "Манас Ордону" жоюу жана кайра уюштуруу
(Бөлүм КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1. КУК "Манас Ордону" кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)