Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 2-майы ПЖ № 82
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын сыпаттамасы, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формаларынын айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын сыпаттамасы, 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун сыпаттамасы, 3-тиркемеге ылайык;
4) ушул Жарлык колдонулуучу мамлекеттик органдардын (аскердик түзүлүштөрдүн) тизмеси, 4-тиркемеге ылайык.
2. Аскер кызматчылары болуп эсептелбеген адамдардын кийим формасы жана айырмалоочу белгилери аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасына жана айырмалоочу белгилерине окшош эмес, ошондой эле алар менен ажырата алгыс деңгээлге чейин окшош болбошу керек, буга аскердик кийим формасын кийүү жана айырмалоочу белгилерди тагынуу укугу менен запаска же отставкага бошотулган контракттык кызматтын офицерлеринин, прапорщиктеринин жана аскер кызматчыларынын кийим формасы жана айырмалоочу белгилери кирбейт;
3. Аскер кызматчылары запастар толук пайдаланылганга жана жаңыдан белгиленген аскердик кийим формаларга ырааттуу өткөнгө чейин эски үлгүдөгү аскердик кийим формасын кийүүгө жана айырмалоочу белгилерди тагынууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
1) "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүсүнүн, айырмалоо белгилерин тагынуусунун жана жабдыктарынын бирдиктүү эрежесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун иштеп чыксын жана кароого киргизсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 Жарлыгы;
2) "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-мартындагы № 88 Жарлыгы;
3) "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы № 481 Жарлыгынын 5-пункту;
4) "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 364 Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
1-тиркеме

1. Жалпы жоболор
1. Аскердик кийим формасы - бул аскер кызматчылардын кийүүсү үчүн дайындалган, кийимдин жана бут кийимдин предметтеринин, ошондой эле жабдыктардын маанилүү тышкы белгилери боюнча бир түргө келтирилген комплекти.
2. Маанилүү тышкы белгилерине төмөнкүлөр кирет:
1) кийимдин жана аскердик жабдыктын түзүлүшү жана түсү;
2) белгиленген түстөгү ар кандай декоративдик айырмалоочу элементтер - милтелер, лампастар, фуражканын алкактары, погондордогу ачык тилкелер, бүчүлүктөр;
3) белгиленген үлгүлөрдөгү фурнитура;
4) погондор.
3. Погондор - аскердик наам боюнча айырмалоочу белгилерди жана функционалдык дайындалышы боюнча айырмалоочу белгилерди тагуу үчүн дайындалган аскердик кийим формасынын атайын элементтери.
4. Аскердик кийим формасына мамлекеттик сыйлыктар, айырмалоочу белгилер, ведомстволук айырмалоочу белгилер жана башка аскердик-геральдикалык белгилер тагылат.
5. Айырмалоочу белгилер менен ведомстволук айырмалоочу белгилердин маанилүү белгилери болуп: түстөрдүн жана конфигурациянын айкалышы, белгиленген тартипте бекитилген расмий эмблемалардын жана геральдикалык элементтердин бар болуусу эсептелет.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын предметтериндеги милтелердин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Аскер соту, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн - кызыл түстө;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн - сыя көк түстө;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - жашыл түстө;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы үчүн - көгүш түстө;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаменти үчүн - темгил түстө.
7. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын береттеринин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- атайын арналыштагы бөлүкчөлөр үчүн - кочкул-жашыл түстө;
- Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы үчүн - көгүш түстө;
- калган бөлүкчөлөр үчүн - кара түстө;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн - көгүш түс;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - кочкул-жашыл түстө;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаменти үчүн - темгил түстө.
2. Жогорку офицердик курамдын аскердик кийим формасы
8. Күнүмдүк фуражка (параддык).
Бозомтук күрөң түстөгү (параддык - ачык күрөң түстөгү) кездемеден жасалган фуражка, сүйрү тегерек түзүлүштөгү төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат.
Эки милтеси бар фуражка: бири - капталдары менен төбөсүнүн кошулган тигилишине кирет, экинчиси - алкак менен капталдардын кошулган тигилишине кирет (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча). Фуражканын алкагынын маңдайына 5 пайыздуу алтын түстөгү саймалуу кокарда бекитилет.
Маңдай кырдын сырткы кырынын жээги айланта - милтеленген жана лавр бутактары түрүндө 5 пайыздуу алтын түстө саймаланган.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, 5 пайыздуу алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (саймаланган да болушу мүмкүн). Топчулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен диаметри 14 мм алтын түстө.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн күнүмдүк фуражка саргыч жашыл түстө, алкагы сыя көк түстө, маңдай кыры кара түстө.
9. Кулакчындуу тумак.
Кулакчындуу тумак алкактан, калпактан жана кебден турат. Алкагы маңдай кырдан, боз түстөгү каракүлдөн жасалган кулакчындары бар кырбуудан турат.
Төбөсү төрт кыйыктан турат, маңдай кыры жана кырбуусу кулакчындары жана боз түстөгү ноотудан байлоо үчүн сызмасы менен болот. Кебез салынып астары менен кабылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат.
Маңдай кырынын ортосунда алтын түстөгү кокарда.
10. Кышкы пальто.
Бозомтук күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, көгүш-боз түстөгү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, жагы кымтыланып үч алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчусу бар. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, жана ылдыйкы тилиги бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, түз кайрылган жерлери бар. Сол жаканын астында кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун жакасынын жээгинен пальтонун этегине жана жеңдин кайрылган учуна чейин милте (милтенин түсү - аскерлердин түрлөрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Жакасында 5 пайыздуу алтын түстөгү жиптер менен лавр бутактары түрүндө сайма тигилген. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү драптан.
11. Жазгы-күзгү күрмө.
Бозомтук күрөң түстөгү кездемеден жасалган күрмө, силуэти түз, тик жакалуу, өңүрүнүн ички жагында ортосунан кеткен сыдырмасы, жети бөрктүү ички бүчүлүгү бар, ичилиги жылуулатылган жана сыдырып алынуучу капюшону бар. Өңүрүндө кокеткасы, капкалдырыктуу, сыдырма менен жабылуучу төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн ички жагында жабышчаак нерсеге чапталуучу түз клапандуу тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунда жана капшыттарында тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, жеңинин учу бар, жеңинин учунда бүчүлүгү бар. Өңүрүнүн төмөн жагына сыртына чапталган чөнтөктөрү түз клапандары менен бүчүлүктөргө жабылат. Сыртына чапталган чөнтөктөрдүн ортосуна эни 50-60 мм болгон тигилген бант танаптап тигилет.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор - чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
12. Жазгы-күзгү плащ.
Бозомтук күрөң түстөгү кездемедей тигилген плащ, бир жакка кымтылама, силуэти түз, кайырма жакалуу, куру, күрөң түстөгү формалык беш топчудан турган жашыруун топчулугу бар. Өңүрүндө желбирек кокеткасы көкүрөгүнүн сызыгына чейин, капкалдырыктуу тилинип жасалган жан чөнтөгү бар. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунан тигиш кетип, этеги тилинген. Жеңдери эки тигиштүү. Плащтын капшытындагы тигиштеринде, белинин тушунда кур үчүн илгичтери бар. Чечип алма курунун таралгасы бар. Чечип алма ичилиги топчу менен топчуланат.

Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн плащ саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
13. Мундир.
Мундир ачык-боз түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма толук кыналып турбаган кайырма жакалуу ачык болот жана анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги үч формалык топчусу менен топчулугу бар. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдеринде кош тигиш болуп, кайрылган учтары түз болот. Мундирдин жакасында жана жеңинин учтарында 5 пайыздуу алтың түстө лавр жалбырактары түрүндө тигилген сайма бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында - милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
14. Күнүмдүк китель.
Китель бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз кайырма жакалуу, лацканы бар, ачык болот жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги алтын түстөгү төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар. Өңүрүнүн капшыты тилинип жасалган бөлүктөрү менен түз, алды танаптап тигилген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 14 мм диаметриндеги алтын түстөгү топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү жана фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант кайып тигилген. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик. Жеңдери танаптап тигилген кош тигиштүү жеңдеринин кайрылган учтары түз. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү кесилген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөк бар. Жакасында 5 пайыздуу алтын түстө лавр жалбырактары түрүндө тигилген сайма бар. Жеңдгрдин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).

15. Пуловер.
Жарым-жартылай жүндөн жасалган, жеңи узун, V - түрүндөгү кесик жакасы менен бозомтук күрөң түстөгү пуловер. Ийин жагында жана чыканак тушундагы тигиштерде күрөң түстөгү жасалгаланган кездемеден сыртынан капталып тигилет. Алдынкы өңөрүндөгү сол жагында, ошондой эле сол жеңинин ийиндеги тигишинин астында жабышчаакка чапталуучу түз капкалдырыктары менен күрөң түстөгү жасалгаланган кездемеден сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү болот. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстө.
16. Багалеги коё берилме шым.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден (параддык - ачык боз кездемеден), топчуларга топчулануучу (сыдырылуучу) бел курчоосу танаптап тигилет. Белинде кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдында сызыктар үчүн танап, капталдагы тигиштерде чөнтөктөр бар. Шымдын астыңкы сол жагында саат үчүн чөнтөк болот. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Капталдагы тигиштеринде жана чөнтөктөрүндө милте, милтенин эки тарабында - лампастар (милтенин жана лампастын түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
17. Сыдырмалуу күрмө.
Күрмө бозомтук күрөң түстөгү кездемеден жасалат. Анын кайырма жакасы, ортосундагы сыдырмасы бар, танаптап тигилген бели жана этегине чейин астары болот. Өңүрүндө кокеткалары болуп, өйдө жагында кокетканын тигишине танаптап тигилген жана эки формалык топчу менен топчулануучу планкалуу жана фигуралуу капкалдырыктары бар сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү болот. Капталында тилип жасалган жана сыдырмасы бар төрт бурчтуу чөнтөгү болот. Сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрүнүн ортосунан эни 30 мм бант бүктөмү тигилет. Далысында кокеткасы бар. Жеңдери бир тигиштүү, чыканак жактагы тигиштеринде бир тилиги бар жана жеңдин учу танаптап тигилет. Күрмөнүн этеги капталдарындагы тигиштеринде үч катар кеткен жылмакай сызма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана жеңдин учу диаметри 14 мм келген формалык алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн топчулар менен топчуланат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор Чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
18. Кышкы талаа күрмөсү жана шымдар.
Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жана күрмөнүн этегине чейин жылуулатылган астар салынат, чечип алма капюшону жана жылуулаткычы болот. силуэти түз, өңүрүнүн ички жагында ортосунан кеткен сыдырмасы, 4-5 топчулуу (бөрктүү) ички бүчүлүгү бар. Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасы бар жана бүчүлүк тарапка 15 градус кыйшайган сыдырмалуу жашыруун төш чөнтөгү жана кыюусу менен тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Тик жакасы жабыштыргычка (бөрккө) Чапталат. Далысы туюк бычылып белинен ички кулисасы бар. Далысынын үстүнкү бөлүгүндө моюндун тушунда сыдырмага (бөрккө) бекитилүүчү танаптап тигилген капюшону бар. Жеңдери эки тигиштүү, танаптап тигилген. Жеңдердин төмөн жагы туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан. Жеңдердин ички бөлүгү серпилме билек боо менен тартылат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, талаа түсүндө.
Шымдар камуфляж түстөгү кездемеден жана багелегине чейин жылуулатылган астары болот. Бели танаптап тигилип өткөргүчтөрү бар жана топчулар менен топчуланат (сыдырылат). Шымдын алдынкы жагында капталында чөнтөктөрү жана жабышчаакка (топчуга) чапталуучу, түз капкалдырыктуу сыртынан чапталып тигилүүчү чоң чөнтөктөр бар, алар узунунан бүктөмдөрү боюнча тигилет. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлүп тигилет жана серпилме сызма тагылат.
19. Талаа фуражкасы.
Талаа фуражкасы камуфляж түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан жана кайырма желке жапкычтан турат. Фуражканын алкагынын алдында коргоо түсүндөгү кокарда. Каптал жактарында 5 мм диаметрдеги металл көзөнөкчөлөр бекитилген эки желдетүүчү тешик жайгашкан.
20. Талаа панамасы.
Талаа панамасы камуфляж түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт кыйыктуу калпактан, курбудан кооздоочу сызмадан жана боону бекиткичтен турат. Курбулар кош тигиш менен танаптап тигилген. Калпактын кыйыгынын учтарында желдетүүчү диаметри 5 мм металл көзөнөкчөлөр бар. Маңдайында, төбөнүн бириктирилген тигишинде, коргоо түсүндөгү кокарда бар.
21. Берет.
Берет жүндөн жасалып, сүйрү тоголок формасындагы төбөдөн, эки же үч капталдан жана астардан турат. Капталдын төмөн жагы булгаары милтенин тасмасы менен иштелип чыккан. Ага боо өткөрүлгөн. Маңдайкы капталдын борборунда алтын түстөгү кокарда жайгаштырылат.
Береттин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча.
22. Жайкы талаа күрмөсү жана шым.
Күрмө камуфляж түстөгү кездемеден, силуэти түз жана өңүрүнүн ортосунда жабык сыдырмасы, бир ачык топчусу бар. Өңүрү түз, топчулануучу (жабыштырылуучу) түз капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилүүчү чоң төш чөнтөктөрү бар. Далысында кокеткасы бар. Тик жакасы жабыштырылып бүчүлөнөт. Жеңдери эки тигиштүү танаптап тигилген, чыканагы бекемделип жамалган. Жеңдердин үстүнкү сырткы бөлүгүндө жабышчаакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген чоң чөнтөктөрү бар. Жеңдердин учунда ортоңку тигиштерге танаптап тигилген тарткычы бар, анын бош учтары жабышчаакка (топчуга) чапталат. Жеңдердин колтук жагынын ылдый жагында диаметри 5 мм болгон желдетүүчү металл көзөнөкчөлөр бар. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, камуфляж түсүндө.
Шым камуфляж түстөгү кездемеден, бели танаптап тигилген, ички жагында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу бар, топчуга топчулануучу (сыдырылуучу) эки өткөргүчтөрү болот. Шьмдын алдынкы жагында капталында чөнтөктөрү жана жабышчаакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыктары менен чоң сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөр бар, аларда узунунан танаптап тигилген бүктөмдөр болот жана тизе жагы бекемделип жамалат. Шымдын арткы жагында жабышчаакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилген чоң чөнтөгү бар жана жамбаш жагы бекемделип жамалат. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлүп тигилет.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн:
- күрмө камуфляж түстөгү кездемеден, силуэти түз жана өңүрүнүн ортосунда жабык сыдырмасы, бир ачык топчусу бар. Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасы бар капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөгү жана жан чөнтөгү бар. Кайырма жака. Далысы бел жагындагы ички кулисасы менен бирге бычылган. Жеңдери танаптап тигилген бир тигиштүү, учу кайрылган. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, талаалык.
- жайкы талаа шымы камуфляж түстөгү кездемеден, топчуга топчулануучу бели танаптап тигилген, өткөргүчтөрү бар. Шымдын капталдарында капкалдырыгы менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар. Каптал тигишине штрип бар, анын бош учу эки топчуга топчуланат.
23. Формалык кепка.
Кепка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, маңдай кырдан жана 5-6 кыйыктан турат. Алдынкы кыйыктар бекемделип жамалат. Кыйыктардын бардык айланасы боюнча ички жагынан жабышчаакка чапталуучу сызма тигилет. Маңдай кырдын өлчөмү 7 см.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кепка саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
24. Формалык көйнөк.
Формалык көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден жана узун жеңдүү. Бели туюк бычылып, каптал тигиши жагында серпилме сызма менен тартылат, өңүрүндө этегине чейин алты-жети топчу, жакасында бир топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңи узун жеңдин учу танаптап тигилген, топчуланат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк.
25. Шымга формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден жана узун жеңдүү. Түз бычылган, бөйрөмчөдө этегине чейин алты-сегиз топчусу, жака каптамында бир топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңи узун жана танаптап тигилген, топчулана турган жеңдин учу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн көйнөк саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден.
26. Чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден, чолок жеңдүү. Бели туюк бычылып, каптал тигиштери жагында серпилме сызма менен тартылып, бөйрөмчөдө этегине чейин алты-сегиз топчусу, жакасынын каптамында бир топчусу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү бар, анын узунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк тигилген. Чолок жеңдүү, жең учу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн көйнөк саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден.
27. Шымга чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден чолок жеңдүү. Бөйрөмчөдө этегине чейин алты-сегиз топчусу жакасынын каптамында бир топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү бар, анын узунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк тигилген. Чолок жеңдүү, жең учу бар.

28. Жагоо.
Жагоо бозомтук күрөң түстөгү кездемеден (параддык - кара түстөгү кездемеден), созулган трапеция түрүндө, учу тар бурчтуу болгон негизги бөлүктөн, "Регат" аттуу туруктуу түйүндөн жана формалык көйнөктүн Жакасынын алды жагынан өткөрүп тагынуу үчүн илмектен турат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздун мамлекеттик комитети үчүн жагоо саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
29. Футболка.
Футболка кыска жеңдүү, жакасы бүтүн, пахта кездемесинен хаки, камуфляж, күрөң же темгил түстө болот.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн көгүш жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен узун жеңдүү футболка. Көгүш жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен майка.
30. Кончу бийик ботинкалар.
Кончу бийик ботинка булгаарыдан кара түстө болот, тумшугунан, кончтон, тилинен, апкыттан, улдан турат. Кончтун алды жагында боо өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Боо менен байланат. Таманы жана такасы резинадан болот. Улу ысык вулканизация (куюлган, ранта, аралаш) методу менен бекитилет. Ичинде - салынуучу батектер.
Жеңилдетилген варианттагы кара (саргыч боз) түстөгү кончу бийик ботинка конструкциясы боюнча кончу бийик ботинка сыяктуу, бирок текстиль менен булгаары айкалыштырып жасалат. Кончтун ич жагында сыдырмасы болушу мүмкүн.
31. Кайыштан жасалган кыска ботинкалар (туфлилер).
Кайыштан жасалган ботинкалар кара түстө, тумшугунан, кончтон, тилинен жана улдан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун алды жагында боо (резинадан болушу мүмкүн) өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Тумшугунун астары пахтадан жасалган кездемеден (булгарыдан), кончтун түбү астарлык кайыштан. Батеги, апкыты - кайыштан. Тумшугунун учу кайыш же гранитолдон. Таманы, такасы формалаган резина таш тамандуу кайыштан (резинадан) болот. Улу желим менен бекитилет.
32. Жылуулатылган топу.
Жылуулатылган топу камуфляж (хаки) түстө, бүтүн бычылып кайырма желке жапкычы бар.
33. Кашне.
Кашне токулган, күрөң (ак) түстө, өлчөмү 120х20 см, кыска жактарында чачыктары бар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кашне саргыч жашыл түстө.
34. Ак түстөгү кол кап.
Кол каптар ак түстөгү тор кездемеден, кол каптын сырткы жагында кооз быдыр (жасалгалуу) тигиш бар. Билек жагы серпилме сызма менен тартылат же баскыч менен бекитилет.
35. Кайыштан, жүндөн жасалган кол каптар.
Кол каптар кара түстөгү кайыштан, ичи тери менен жылууланган, жарым жүндүү астары бар же анысы жок беш салаалуу. Кол каптын сырткы жагында кооз быдыр (жасалгалуу) тигиш бар. Кол каптын Билек жагынан алакан жагы серпилме сызма менен тартылат.
Жүндөн жасалган беш салаалуу кол каптар кара түстө жылмакай билек боосу менен.
36. Кышкы кол каптар.
Кышкы кол каптар камуфляж түстөгү кездемесинин аралашмасынан (кара, коргоо) жылууланган беш салаалуу. Кол каптын билек жагы серпилме сызма менен тартылат.
37. Белге тагылуучу кур.
Белге тагылуучу кур күрөң түстөгү кайыштан, беш катарлуу эки тилдүү таралга тагылат. Курдун учунда таралганын тилдери үчүн тешиктер бар.
Таралга, жарым шакектер жана кобуралык басмактар латундан жасалып алтын түстө.
38. Шымга тагылуучу кур.
Шымга тагылуучу кур кайыштан, кара түстө, беш катарлуу бир тилдүү металл таралгалуу, жазылыгы 30 мм - 40 мм. Шымга тагылуучу курда таралганын тили үчүн тешиктер жана кыймылдуу өткөргүч бар.
39. Параддык кемер.
Параддык кемер жазылыгы 45-50 мм келген жана алтын түстөгү негизги курдан турат. Курга ичине сүйрү тоголок металл таралга бекитилет, анын ички жагында күндүн түндүк жайгаштырылган тоголок дискинин сүрөтү бар.
40. Аксельбант.
Аксельбант алтын түстөгү өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана жардамчы боолордон турат. Жардамчы боолордун учу учтуу алтын түстөгү металл учу бар. Металл учтун узундугу 80 мм.
41. Жамынма плащ.
Жамынма-плащ камуфляж түсүндө (хаки, коргоо түстөрүндө) Өңүрүндө жабык сыдырмасы бар. Өңүрдөн, далыдан, кайрыма жакадан жана капюшондон турат.
Өңүрүндө колдор үчүн тиликтери бар, анда эки топчуга топчулануучу кыюусу бар. Кыюунун ички жагында - кол үчүн карматкычтар бар.
42. Талаа баштыгы.
Талаа баштыгы корпустан, жапкыч-клапандан, көтөрүүчү боодон турат. Көтөрүүчү боонун учтарына илмек-карабиндер тигилген, аларга баштык илинет. Талаа баштыгынын корпусунун ички жагы тосмо менен бөлүнгөн.
3. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кийим формасы
43. Параддык фуражка.
Фуражка ачык жашыл түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражканын эки милтеси бар (милтенин түсү - аскер түрү боюнча): бири төбөнүн каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилген болсо, экинчиси, алкактын каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилген болот. Маңдай кырдын алкагынын маңдай жагында алтын түстөгү кокарда тагылат.
Маңдай кыры алтын түстөгү лавр бутактары түрүндө саймаланган.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Фуражканын маңдай кырынын өлчөмү - 6 см. Фуражканын кебинин өлчөмү 7 см.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясы үчүн - фуражка кочкул-көк түстөгү кездемеден, алкак - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети үчүн алкагы сыя көк түстө; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - фуражка жашыл түстөгү курбусу, кочкул-көк түстөгү алкагы, кара түстөгү маңдай кыры менен; кенже офицердик курам, прапорщиктер жана жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдарындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - фуражканын маңдай кыры саймаланбаган.
44. Күнүмдүк фуражка.
Фуражка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражканын эки милтеси бар (милтенин түсү - аскер түрү/ведомстволук таандыгы боюнча): бири төбөнүн каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилген болсо, экинчиси, алкактын каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилет.
Фуражканын алкагынын маңдайына алтын түстөгү кокарда тигилет.
Маңдай кыры алтын түстөгү эмен бутактары түрүндө саймаланган. Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Фуражканын маңдай кырынын өлчөмү - 6 см. Фуражканын кебинин өлчөмү - 7 см.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясы үчүн фуражканын алкагы - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн фуражка саргыч жашыл түстөгү кездемеден, сыя көк түстөгү алкагы менен, маңдай кыры кара түстө саймаланбаган, фуражканын маңдай кырынын үстүндө алкагы боюнча алтын түстөгү өрүлгөн боо эки формалык топчуга топчуланат; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - фуражканын маңдай кыры саймаланбаган.
45. Формалуу шляпа.
Шляпа бозомтук күрөң (параддык - ачык жашыл түстө) түстө курбусу жыйрылуучу панама түрүндөгү түзүлүштө, үч бөлүктөн турат: башы, төбөсү жана курбулардан. Төбөсүнүн бычылышы айлана түрүндө. Курбулары эки капталдуу, деталдардын арасында милте (милтенин түсү – аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
46. Формалуу пилотка.
Пилотка бозомтук күрөң түстө (параддык - ачык жашыл түстө), үч бөлүктөн: төбөсүнөн, капталдарынан жана кырлардан турат. Кырлардын үстүнөн милтелер тигилген (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Пилотканын капталынын жогорку жагында - шакекче түрүндөгү желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар Астары бар пилотка чеке жапкычы менен.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пилотка саргыч жашыл түстө.
47. Кулакчындуу тумак ("полковник" наамындагы аскер кызматчылары үчүн).
Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы маңдай кырдан, желкеден кулакчындары менен болуп боз түстөгү каракүлдөн жасалат.
Төбөсү төрт кыйык, маңдай кыры жана желкеси кулакчындуу жана анда боз түстөгү ноотудан байлоо үчүн сызмасы бар. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Алдыңкы маңдайынын ортосунда алтын түстөгү кокарда.
48. Накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак.
Күрөң түстүү кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы маңдай кырдан, накта (жасалма) териден жасалган кулакчалары менен желкеден турат.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кулакчындуу тумак саргыч жашыл түстө.
49. Кышкы пальто.
Бозомтук күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, күрөң түстөгү накта (жасалма) териден жасалган чечилүүчү жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, өңүрү кымтыланып үч алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчусу бар. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана түз капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, жана ылдыйкы тилиги бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол жаканын ич жагында кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн.
Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн пальто саргыч жашыл түстөгү драптан.
50. Кышкы пальто (аял аскер кызматчылары үчүн).
Бозомтук күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, кайырма жакасы жана күрөң түстөгү накта (жасалма) териден жасалган чечилүүчү тери жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, өңүрүнүн ортосунан 5-7 топчуга ички топчулугу бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчусу бар. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана кыюу салынган тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, этегине чейин. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол жаканын ич жагында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондору тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пальто саргыч жашыл түстөгү драптан.
51. Жазгы-күзгү күрмө.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу погондорду бекитүү үчүн ичке тарткычтар танаптап тигилген.
Погондору тагылма, күнүмдүк.
52. Жазгы-күзгү плащ.

53. Жазгы-күзгү плащ (аял аскер кызматчылары үчүн).
Жазгы-күзгү плащ бозомтук күрөң кездемеден. Бир өңүрлүү, силуэти түз, кайырма жака, өңүрүндө 5-7 топчуга ички топчулугу бар. Өңүрлөрүндө көкүрөгүнүн линиясына чейин кайырма кокеткалары бар, тилинген каптал бөлүктөрү, кыюу салынган тилик жан чөнтөктөрү менен. Далысында ортосундагы тигиште кокеткасы бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жылуулагычы чечилет топчуланат.
Ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн өткөргүч жана эки илмек бар.
Погондору чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн плащ саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
54. Параддык китель.
Китель ачык жашыл түстөгү кездемеден, силуэти түз, ачык, бир өңүрлүү кайырма жакасы жана лацканы менен, өңүрү алтын түстөгү төрт формалуу топчу менен топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Далысынын ортосунда тилик менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жаканын кырында, чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрдүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар.
Топчулардын диаметри 22 мм, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган.
Погондор тигилме, параддык.
55. Параддык жакет.
Жакет ачык жашыл түстөгү кездемеден, силуэти түз жана бир өңүрлүү, кайырма жакалуу, лацканы менен. Өңүрүндө диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки формалык топчуга топчулугу бар. Жаканын кырында жана чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган төрт бурчтуу жан чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө кыюу салынган тилинип жасалган төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген жана кош тигиштүү, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчусу бар.
Погондору тигилүүчү, параддык.
56. Күнүмдүк китель.
Китель бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз, ачык, бир өңүрлүү кайырма жакалуу жана лацканы менен, өңүрүндө диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган төрт формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү жана фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган каптал жан чөнтөгү бар. Сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант бүктөмү бар. Далысынын ортосунда тигиши бар, ал тилик менен аяктайт. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн китель саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
57. Формалык жакет.
Жакет бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз жана бир өңүрлүү, кайырма жакалуу, лацканы менен. Өңүрүндө диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, кыюу салынган тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө кыюу салынган тилинип жасалган төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчусу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн жакет саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
58. Сыдырмасы бар күрмө.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
59. Пуловер.

Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
60. Багалегин сыртка коё берме шымдар.
Шымдар бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, жана бели топчуга топчуланып, танаптап тигилген. Белинде өткөргүчтөрү бар. Алдыңкы бөлүгүндө кыр үчүн танабы бар, каптал тигишинде төрт бурчтуу чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Шымдын алдыңкы жагына астар салынган. Каптал тигишинде милте бар (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шымдар саргыч жашыл түстөгү кездемеден; прапорщиктер, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн шымдардын милтеси жок.
61. Юбка.
Юбка бозомтук күрөң түстөгү (параддык - ачык жашыл түстөгү) кездемеден. Түз бычылат, бели танаптап тигилген эки кездеменин энинен турат. Сол жактагы каптал тигиштин жогорку жагында бир топчусу бар жана сыдырма салынган. Юбканын алдыңкы жана арткы жактарында танаптап тигилген эки тигиш бар. Юбканын арткы кездемесинин энинин ортосу бүгүлгөн. Бели тигиштин кырынан 03 мм аралыкта танаптап тигилген.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн юбка саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
62. Кышкы талаа күрмөсү жана шымы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу ичке илгичтер тигилген. Климаты суук райондордо жаканын кайырма капталында накта (жасалма) териден жасалуучу чечип алма тери жакасы бар. Погондор киргизилет, талаалык.
63. Берет.

64. Талаа фуражкасы.

65. Талаа панамасы.

66. Жайкы талаа күрмө жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу илгичтер тигилет.
Погондор киргизилет, талаалык.
67. Формалык көйнөк.

Погондор киргизилет, күнүмдүк (параддык).
68. Чолок жеңдүү формалык көйнөк.

69. Шымга формалык көйнөк.

70. Шымга кыска жеңдүү формалык көйнөк.

71.Футболка

72. Формалык кепка.

73. Жагоо.

74. Жагоо-бант.
Жагоо-бант бозомтук күрөң түстөгү (параддык - кара түстөгү) кездемеден, тилимдери бири-биринин үстүнө коюлуучу банттан турат, алар 45 градус бурчу боюнча кайчылашат жана жагоо-бантты формалык көйнөктүн жакасынын астына тагуу үчүн илмеги бар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн жагоо-бант саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
75. Жылуулатылган топу.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
76. Кашне.

77. Териден, жүндөн жасалган кол каптар.

78. Кышкы кол каптар.

79. Ак кол каптар.

80. Кончу бийик ботинкалар.

81. Териден жасалган кыска ботинкалар (туфли).

82. Туфли (аял аскер кызматчылары үчүн).
Туфлилер кара түстөгү булгаарыдан. Таманы кайыштан, таш таманы жана такасы бар. Алар желим менен бекитилет. Таканын бийиктиги 5 смдан ашпайт.
83. Белге тагуучу кур.

84. Параддык кемер.

85. Шымга тагуучу кур.

86. Шымга тагуучу кур (аял аскер кызматчылары үчүн).
Шымга тагылуучу кур кара түстө, эни 20 мм - 25 мм кайыштан, бир тилдүү, беш катарлуу, металл таралгасы бар. Шымга тагылуучу курда таралганын тили үчүн тешиктер жана жылдыруучу өткөргүчү бар.
87. Аксельбант.

88. Жамынма-плащ.

89. Талаа баштыгы.

4. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын, аскердик окуу жайлардын курсанттарынын, Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын аскердик кийим формасы
90. Күнүмдүк фуражка.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Фуражканын маңдай кырынын саймасы жок.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн фуражка кара түстөгү кездемеден, алкагы кызыл түстө.
91. Формалык пилотка.
Пилотка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, төбөдөн, капталдан жана кырдан турат. Пилотканын каптал жактарында үстүнкү жагында шакекче түрүндөгү желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар. Пилоткада чеке жапкычы менен астары бар.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн пилотка кара түстөгү кездемеден.
92. Кулакчындуу тумак.

Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн кулакчындуу тумак кара түстөгү кездемеден.
93. Кышкы пальто.

Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн пальто кара түстөгү драптан.
94. Күнүмдүк китель.

Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн китель кара түстөгү кездемеден.
95. Багалегин сыртка коё берме шымдар.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, бели топчуга топчуланат, танаптап тигилген. Белинде өткөргүчтөрү бар. Алды жагында кыр үчүн бүктөм, капталдагы тигиштеринде төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы ( менен төрт бурчтуу чөнтөк. Шымдын алдынкы жагына астар салынат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден; Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн шымдар кара түстөгү кездемеден, каптал тигишинде кызыл түстөгү лампастары бар.
96. Багалеги өтүккө киргизилүүчү жүн кездемеден тигилген шым.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, алдыңкы жана арткы жагынан, белинен, штриптерден жана тарткычтардан турат.
Шымдын алдынкы жагындагы капталда чөнтөктөрү бар. Арткы жагынын багалек жагы кесилген. Шымдын арткы оң жагында топчуга топчулануучу тилинип жасалган чөнтөк бар.
Белинде тарткычтарды тагуу үчүн топчулары, эки илмек жиби жана топчулары бар, гульфигинде сыдырмасы бар.
Шымдын алдыңкы жагына астар салынган.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
97. Формалык көйнөк.

98. Футболка

99. Жагоо.

Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн жагоо кара түстөгү кездемеден.
100. Кышкы талаа күрмөсү жана шым.

Жылуулаткычы чечилбейт, жакасы кайырма, күрөң түстөгү жасалма териден жасалган чечип алма тери жакасы бар.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор киргизилет, талаалык.
101. Берет.

102. Талаа фуражкасы.

103. Талаа панамасы.

104. Жылуулатылган топу.

105. Жайкы талаа күрмөсү жана шым.

106. Кончу бийик ботинкалар.

107. Казармалык тапичкелер.
Казармалык тапичкелер коңур түстө, тамандан жана үстү жагынан турат, тикелей куюу ыкмасы менен жасалган.
108. Териден (жасалма териден) жасалган кыска ботинкалар (туфли).

109. Ак түстөгү кол каптар.

110. Кышкы жарым жүндөн кол Каптар.
Жарым жүндөн кышкы беш салаалуу кол каптар кара (коргоо) түстө, билек боосу менен.
111. Кышкы кол каптар.
Кышкы кол каптар коргоо (кара, камуфляж, коргоо) түстөгү кездемесинин аралашмасынан, жылууланган, беш салаалуу. Билек жагы жылмакай серпилме сызма менен тартылат.
112. Белге тагылуучу кур.
Белге тагылуучу кур күрөң түстөгү жасалма териден (параддык - жасалма ак түстөгү териден), эни 40-50 мм курдан турат. Курга ички жагына түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискинин сүрөтү бар тик бурчтуу металл таралга бекитилет.
113. Шымга тагылуучу кур.
Шымга тагылуучу кур бозомтук күрөң (коргоо) түстөгү тасмадан, кыймылдуу жана кыймылсыз өткөргүчтөрдөн турат. Курга тик бурчтуу таралга тигилген.
114. Аксельбант.

115. Хром (юфта же кирза) өтүктөр.
Өтүк кара түстө, тумшугунан, кончтон жана улдан турат. Таманы, батеги, апкыты кайыштан. Таманы жана такасы кайыштан, таш таманы калыпка куюлган резинадан. Улу рант-желим менен (желим менен бекитсе болот) бекитилген. Ичинде тери батек.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун аскер кызматчыларынын аскер кийим формасы
116. Фуражка.
Фуражка ачык жашыл түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, төрт курбудан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражкада көгүш түстөгү эки милте бар: биринчиси - төбөсүндө курбу менен кошулуп тигилген жерде, экинчиси - алкактын курбу менен бириккен тигишинде.
Фуражканын алкагынын алды жагында кокарда бар, анын каптал жактары лавр жалбырагы түрүндө саймаланат. Фуражканын кебинде символиканын сүрөтү бар, маңдай кыры кара түстөгү лакталган кайыш менен, ал эми алды жагы замша же кара түстөгү жүн кездеме менен капталган.
Фуражканын маңдай кырында жалың түрдө сайма бар. Фуражканын маңдай кырындагы үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчуларынын диаметри 14 мм, алтын түстө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
117. Кулакчындуу тумак.

118. Мундир.
Мундир ачык жашыл түстөгү кездемеден, кайырма жакалуу, диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрүнүн капталдарында капкалдырыктуу, тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далысында ортосунан кеткең тигиши бар. Жеңдери кош тигиш, жеңдери учтары түз кайрылган. Жакасында лавр жалбырагы түрүндө сайма бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын жана жакасынын кырларында көгүш түстөгү ноотудан милте бар. Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында тигилген саймасы бар. Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөр бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
119. Багалеги өтүккө киргизилүүчү жүн кездемеден тигилген шым.
Шымдар ачык жашыл түстөгү кездемеден, алдыңкы жана арткы жагынан, белден, штриптен жана тарткычтардан турат.
Шымдын алдыңкы жагында капталында чөнтөктөрү бар. Арткы жагынын багалек жагы кесилген. Шымдын арткы оң жагында топчуга топчулануучу тилинип жасалган чөнтөгү бар.

Капталындагы тигиштерине көгүш түстөгү милте тигилген.
Шымдын алдыңкы жагына астар салынган.
120. Формалык көйнөк.

121. Параддык жагоо.

122. Кышкы пальто.
Кышкы пальто ачык жашыл түстөгү драптан жасалган, каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы жана жылуулаткычы бар, силуэти түз, жагы кымтыланып үч алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө алтын түстөгү кооздолгон үч топчусу бар. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бели жагында каршы бүктөмү бар, этек жагы тилик, бел жагында тилке болуп кеткен эки тигиши жана тартылып турган тарткычы бар. Бел жагындагы бүктөмү кош тигиш менен бекемделген. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол өңүрдүн ич жагында тилинип жасалган чөнтөгү бар. Пальтонун этегине чейин астар салынган. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Жакасында лавр жалбырагы түрүндө саймаланган.
Погондор тигилүүчү, парадды.
123. Параддык кур.

124. Аксельбант.

125. Хром өтүктөр.
Хром өтүк кара түстө, тумшугунан, кончтон, улдан турат. Таманы, батеги, апкыты тамандык кайыштан жасалат. Таманы жана такасы тамандык кайыштан, калыпка куюлган резина таш таманы менен. Улу рант-желим менен бекитилген (желим менен бекитүүгө болот). Ичинде кайыш батек салынган.
126. Ак түстөгү кол каптар.

Кышкы кол каптар жарым жүндөн жасалган, беш салаалуу, билек боосу бар.
6. Аскердик-көрсөтмө оркестрдин аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы
127. Фуражка.
Фуражка ачык жашыл түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, төрт курбудан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражкада эки милте бар: (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча) биринчиси - төбөсүндө курбу менен кошулуп тигилген жерде, экинчиси - алкактын курбу менен бириккен тигишинде. Фуражканын алкагынын алды жагында кокарда бар, анын каптал жактары лавр жалбырагы түрүндө саймаланат. Фуражканын кебинде алтындап саймаланган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен эмблема бар, маңдай кыры кара түстөгү лакталган кайыш менен, ал эми алды жагы замша же кара түстөгү жүн кездеме менен капталган.
Фуражканын маңдай кыры кара түстө. Фуражканын маңдай кырында лавр жалбырагы түрдө сайма бар. Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчуларынын диаметри 14 мм, алтын түстө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
128. Накта териден кулакчындуу тумак.

129. Параддык китель.
Китель ачык жашыл түстөгү жүндөн жасалган кездемеден, силуэти түз, ачык, бир өңүрлүү кайырма жакасы жана лацканы менен, өңүрү алтын түстөгү беш формалуу топчу менен топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Далысынын ортосунда тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, жеңдеринин учу түз кайрылат. Жакасында сайма бар. Жаканын кырында, жеңдеринин кайрылган учтарынын, чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында саймасы бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар Топчулардын диаметри 22 мм, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган.
Погондор тигилме, параддык.
130. Шым.

131. Формалык көйнөк.

132. Жагоо.

133. Кышкы пальто.

134. Параддык кемер.

135. Аксельбант.

136. Кыска ботинкалар (туфли).

137. Ак түстөгү кол каптар.

Кышкы кол каптар жарым жүндөн токулган, беш салаалуү билек боосу бар.
2-тиркеме
1. Кокарда:
1) жогорку офицердик курам үчүн:
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын үстүндө кызыл түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгашкан. Эмблемасы менен кокарда фуражканын төбөсүнүн кездемесинин түсүнө окшош тондогу сайма менен аткарылган. Шумкар (бүркүт) жана лавр бутактары 5 пайыздуу алтын капталган алтын түстүү сайма менен аткарылган. Фуражкага, беретке тагылат;
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Арткы бетинде баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;
2) улук жана кенже офицердик курам үчүн:
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын үстүндө кызыл түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгашкан. Эмблемасы менен кокарда фуражканын төбөсүнүн кездемесинин түсүнө окшош тондогу сайма менен аткарылган. Шумкар (бүркүт) жана лавр бутактары алтын түстүү. Фуражкага, беретке тагылат;

3) бардык категориядагы аскер кызматчылары үчүн: кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан (пластмасса) эмблемасы бар, ал алтын түстөгү эки кырлуу, кырлары чыккан 32 нурдан турат, ортосунда кызыл эмаль менен сырдалган сүйрү томпоктун бетине жайгаштырылган алтын түстөгү беш жылдызы менен, ал сүйрү тоголок тилкелер менен курчалат. Кокарданын аркы жагында баш кийимге тагуу үчүн бекиткич бар. Фуражкага, кулакчындуу тумакка, формалык кепкага, беретке жана пилоткага тагылат.
Талаа фуражкасында жана талаа панамасына эмблемасы бар кокарданын конструкциясы ушундай эле, бирок коргоо түсүндө коргоо түсүндөгү сайма менен жасалышы мүмкүн.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун аскер кызматчылары үчүн жана аскердик көрсөтмө оркестринин аскер кызматчылары үчүн - эмблемасы бар алтын түстөгү кокарда тигилген алтын түстөгү лавр бутактары менен жээктелген, ал узунунан чоюлган;
4) эмблемасы бар алтын түстөгү кокарда, жээктелген тегерек түрүндө, тегеректин ичинде оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкардын (бүркүттүн) сүрөтү бар. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын (бүркүттүн) үстүндө түндүк жайгаштырылган. Кара түстөгү сайма менен жасалышы мүмкүн, шумкар (бүркүт) жана түндүк алтын түстөгү сайма менен аткарылат.
Формалык кепкага тагылат.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колго тагылган белгиси.
Үстү жагы төрт бурчтуу, ылдый жагы дого түрүндө болгон төрт бурчтук, анын өлчөмү 9 жана 7,5 см, кара түстө (формасы жана жазуулары - аскердин, кызматтын түрүнө жараша).
Графикалык композициянын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жайгашкан. Кырынан 3 мм аралыкта эни 3 мм болгон алтын жип менен жээктелген.
Колго тагылган белгинин жогору жагында сары (алтын) түстө мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН" жана ылдый жагында "КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу жазылган. Кийимдин сол жеңине тигилет.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн колго тагылган белгинин фону жашыл түстө.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн талаа кийим формасы үчүн колго тагылган белгиси.
Үстү жагы төрт бурчтуу, ылдый жагы дого түрүндө болгон төрт бурчтук, анын өлчөмү 9 жана 7,5 см, камуфляж түсүндө (формасы жана жазуулары - аскердин, кызматтын түрүнө жараша).
Графикалык композициянын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жайгашкан.

4. Аскердик окуу жайлардын курсанттарынын, Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын колго тагылган белгиси.
Алтын түстүү тик бурчтук, кийимдин сол жеңинин сыртына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колго тагылган белгисинен 10 мм аралыкта тигилет.
Галундун эни 6 мм.
Окуп жаткан курска (класска) жараша колго тагылган белгиде бурчтуктар төмөнкүдөй жайгашат: бирөө - 1-курстун курсанттары жана лицейдин 8-классынын тарбиялануучулары үчүн; экөө - 2-курстун курсанттары жана лицейдин 9-классынын тарбиялануучулары үчүн; үчөө - 3-курстун курсанттары жана лицейдин 10-классынын тарбиялануучулары үчүн; төртөө, бешөө - 4 жана 5-курстун курсанттары үчүн.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирүүчү аскерлердин түрүндө жана кызматтарда аскер кызматчынын ведомстволук таандыктыгын көрсөтүүчү колго тагылган белгини Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги аныктайт.
6. Аскердик түзүлүштөргө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына таандыктыгын көрсөтүүчү колго тагылган белгини аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери аныктайт.
7. Кандын тобун көрсөтүүчү төштөгү кыйыктар.
Камуфляж түстөгү тик бурчтук, өлчөмү 13 см (узуну) жана 3 см (эни), жээктеринде коргоо түсүндөгү милте. Төштөгү кыйыктын ортосунда коргоо түсүндө латын алфавитиндеги тамгалар жана цифралар менен төмөнкүдөй жазуулар бар: биринчи оң - "О (I) Rh +"; биринчи терс - "О (I) Rh -"; экинчи оң - "А (II) Rh +"; экинчи терс - "А (II) Rh -"; үчүнчү оң - "В (III) Rh +"; үчүнчү терс - "В (III) Rh -"; төртүнчү оң - "АВ (IV) Rh +"; төртүнчү терс - "АВ (IV) Rh -".
Тамгалардын жана цифралардын бийиктиги - 17 мм.
Талаа жайкы күрмөнүн сол жагындагы капкалдырыктын тигишинен 2 мм аралыкта тигилет.
8. "KYRGYZSTAN" жазуусу менен төштөгү кыйык.
Камуфляж түстөгү төр бурчтук токулган кездеме, жээгинде коргоо түсүндөгү милте. Төштөгү кыйыктын ортосунда коргоо түсүндөгү латын тамгалары менен "KYRGYZSTAN" деген жазуу.
Талаа жайкы күрмөнүн сол жагындагы капкалдырыктын тигишинен 2 мм аралыкта тигилет. Тамгалардын бийиктиги - 17 мм.
9. Жагоо үчүн бекиткич.
Алтын түстүү, ийилген металл пластинка. Бекиткичтин аркасында жагоону бекитүү үчүн ийилген.
10. Эмблемалар:
1) "КG" эмблемасы - алтын түстүү металл эмблема, латын алфавитинин баш тамгаларынан турат, Кыргыз Республикасынын кыскартылган аталышын түшүндүрөт, тамгалардын өлчөмү 10 мм (бийиктиги) жана 15 мм (эни). Тамгалардын бийиктиги 17 мм. Кителдердин жана жакеттердин лацкандарына тагылат, лацкандардын жээгинен эмблеманын жээгине чейинки аралык 20 мм болот, мында эмблемалар лацкандын кырына параллел болушу керек;
2) жалпы аскердик эмблема - диаметри 2,2 см болгон тегерек. Эки учу кошулбаган айлана, лавр жалбырактары түрүндө жасалган 2 жарым тегеректен турат, асты тасма менен бекитилген, ал эми үстү жагында 2 жарым тегеректин ортосунда 1 мм боштук бар. Лавр тегерегинин ортосуна томпок кырлары менен беш жылдыз жайгашкан (символика аскерлердин, кызматтардын түрүнө жараша, лавр тегереги жок болот), эмблеманын арткы бетинде бекитүү үчүн түзүлүшү болот. Күнүмдүк жана параддык погондорго, погондун узунунан кеткен сызыкка топчудан 5 мм аралыкта тагылат; жайкы талаа күрмөлөрдүн жакаларына коргоо түсүндөгү эмблема биссектриса боюнча жаканын учунан эмблеманын борборуна чейин 35 мм аралыкта тагылат, мында эмблеманын симметриясынын вертикалдуу огу жаканын учуна параллел болушу керек.
Эскертүү: кургактагы аскерлер үчүн - кырлуу беш жылдыз түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; аскердик-аба күчтөрүнүн эмблемасы үчүн - чимириктер жана канаттар түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; асман чабуулунан коргоо аскерлери үчүн - радиолокатордун антеннасынын силуэтинин фонундагы эки жебеси жана канаты бар зениттик ракета түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; атайын арналыштагы аскерлер үчүн - ачылган парашют жана эки самолёт түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; танк аскерлери үчүн - танк түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; ракеталык аскерлер жана артиллерия үчүн - ракетанын фонундагы кайчылашкан куралдардын найы түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; инженердик аскерлер үчүн - жол төшөгүчтүн аңтаргыч бөлүгү, якорь, мина, чагылган жана кайчылашкан эки балта түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлери үчүн - бензол шакегинин жана анан негизиндеги биологиялык коркунучтун эл аралык белгисинин фонундагы радиоактивдүү бөлүнүүнүн схемасы түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; байланыш аскерлери үчүн - канаттардын фонундагы чагылган түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; автомобилдик аскерлер үчүн - канаттары жана рулу менен автомобиль дөңгөлөктөрү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; топографиялык кызматтын эмблемасы - кайчылашкан компастын жебелери жана дүрбү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; аскердик юстиция кызматынын органдары үчүн - мизи ылдый караган эки кайчылашкан кылычтын фонундагы калкан түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; аскердик байланыш жолдор кызматы үчүн - канаты бар якордун фонунда канаттуу темир жол дөңгөлөгү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; күйүүчү-майлоочу материалдар кызматы үчүн - талаа магистралдык түтүк түйүнү жана кайчылашкан ачкыч жана балка түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; медициналык кызмат үчүн - жылан оролгон чыны түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган (кош эмблема); аскердик-оркестр кызматы үчүн - лиралар түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департаменти үчүн - жалпы аскердик эмблема; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - калкан түрүндө, лавр бутактары менен курчалган; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн - сегиз учтуу жылдыз түрүндө, горизонталы боюнча чоюлган, жылдыздын борборунда тегерек бар, анда көк түстөгү үч бурчтук жайгашкан, эмен бутактары менен курчалган.
3-тиркеме
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Аскер кызматчылардын погондору аскердик наамды, ошондой эле аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүнө, аскерлердин түрлөрүнө (кызматына) таандыктыгын аныктоо үчүн колдонулат.
Параддык, күнүмдүк жана талаа погондору белгиленген.
Погондордун курбусуна ыйгарылган аскердик наамга, ошондой эле аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүнө, аскерлердин түрлөрүнө (кызматына) таандыктыгына ылайык: символика белгисинин сүрөтү, беш бурчтуу жылдыздар жана жылдызчалар, тилкелер, саймалар, эмблемалар, тамгалар жайгаштырылат.
Символика белгисинин сүрөтүнүн, жылдыздардын жана жылдызчалардын өлчөмдөрү сыпатталган тегеректин диаметри менен аныкталат.
2. Жогорку офицердик курамдын погондору:
1) параддык погондор.
Тик бурчтуу, жогорку кыры трапеция түрүндө, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, погондун кырында милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Армиянын генералынын погонунун жогорку бөлүгүндө алтын карматылган ичке жип менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси сайылган, лавр жалбырагы менен оролгон. 30 мм диаметрдеги символиканын белгиси алтын түстөгү жип менен сайылган. Погондун астыңкы жээгиңен символика белгисинин ортосуна чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү бөлүгүндө алтын карматылган канитель менен 35 мм диаметрдеги 5 пайыздык алтындан жылдыз тигилген. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык 40 мм.
Генералдардын погондоруна алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги 5 пайыздык алтындан жылдыздар сайылган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Генералдардын көйнөгүндөгү погондор тегерек жээги менен болуп канты жок болот. Ак түстөгү погондор, погондун үстүңкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130-180 мм; эни 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор.
Тик бурчтуу жогорку жээги трапеция сыяктуу (жүндөн жасалган күрмөдө жана плащта погондор тегерек жогорку жээги менен болот), бозомтук күрөң түстөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Генералдардын погондоруна алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги 5 пайыздык алтындан жылдыздар сайылган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу бар болот.
Генералдын көйнөгүндөгү погондор тегерек жээги менен болуп милтеси жок, көйнөктүн кездемесинен жасалат.
Жүндөн жасалган күрмөлөр жана плащтар үчүн погондун үстүңкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130-180 мм; эни 50-55 мм.
3) талаа погондору.
Чечип алынуучу, тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, коргоо 1 түсүндөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу бар.
Жылдыздар, эмблемалар - коргоо түсүндө.

3. Улук жана кенже офицердик курамдын погондору:
1) параддык погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен алтын (ак) түстүү галундан (кездемеден, тасмадан) курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Погондун төмөнкү жээгинде эмен бутагы венок түрүндө жээкетелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган, саймасы алтын түстө.
Символикалардын өлчөмдөрү: улук офицердик курам үчүн - 35х25 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 20 мм; кенже офицердик курам үчүн - 25х20 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл же тигилген жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130 мм - 180 мм; эни 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң түстүү галундан (кездемеден, тасмадан) курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Погондун төмөнкү жээгинде эмен бутагы венок түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган, саймасы алтын түстө.

Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл (тигилген) жылдыздар жайгашкан.

Тик бурчтуу, конус сымал жогорку жээги менен погондорго жол берилген.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн Погондордо саргыч жашыл түстөгү галундан (кездемеден, лентадан) курбусу бар;
3) илинүүчү күнүмдүк погондор.
Погондор тик бурчтуу, бозомтук күрөң түстөгү кездемеден. Погондун жээги боюнча милте бар (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча).
Погондун төмөнкү жээгинде эмен бутагы венок түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган, саймасы алтын түстө.

Погондордун узундугу - 80 мм; эни 50-55 мм;
Жылдызчалар металл же алтын түстө тигилген.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн погондор саргыч жашыл түстөгү кездемеден;
4) талаа погондору.
Талаа погондору, илинүүчү, тик бурчтуу, камуфляж түстөгү кездемеден.

Погондордун узундугу - 80 мм; эни 50-55 мм.
4. Прапорщиктердин, контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын погондору:
1) параддык погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен алтын (ак) түстүү галундан (кездемеден) курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат: старшина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 8 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат; улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун; сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм.

Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар.
Погондордун узундугу - 130 мм - 180 мм; эни 50-55 мм;
3) күнүмдүк илинүүчү погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар: старщина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 5 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат; улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун; сержант - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу эки галун Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 20 мм.

Жылдызчалар металлдан алтын түстүү;
4) талаа погондору.
Талаа погондору, илинүүчү, тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү кездемеден. Погондун узундугу 80 мм, эни 50-55 мм. Жылдызчалар коргоо түсүндө.
Контракттык кызматтын старшиналарынын жана сержанттарынын погондорундагы галундар металл же коргоо түсүндөгү вискоза тасмасынан болушу мүмкүн. Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралыгы 20 мм.
Галундардын жайгаштырылышы күнүмдүк илинүүчү погондордуку сыяктуу эле.
5. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын жана аскердик окуу жайлардын курсанттарынын погондору:
1) күнүмдүк (параддык) погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң (ак) түстөгү (улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларыныкы кызыл түстөгү) галундан (кездемеден) курбусу бар. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Курсанттардын параддык погондору үчүн погондордун жээги боюнча алтын түстүү эки туурасынан кеткен 8 мм тилке бар. Погондун төмөнкү жээгинде алтын түстүү тамгалар жайгашкан: аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - "К" (курсант), бийиктиги 20 мм; улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "УАЛ"; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "КА" (Коргоо аскерлери); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "ЖК" (Жарандык коргонуу); Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - УГ (Улуттук гвардия); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "ЧА" (Чек ара аскерлери); Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн - "КК" (Коопсуздук комитети); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаментинин мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн - "КД" (Кайтаруу департаменти).
Тамгалардын бийиктиги - 20 мм. Погондун төмөнкү жээгинен тамгага чейинки аралык 15 мм.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат: старшина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу гапун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 8 Мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат; улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун; сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; Кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм;
2) талаа погондору.
Талаа погондору, илинүүчү, тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү кездемеден. Погондун узундугу 80 мм, эни 50-55 мм.
Погондун төмөнкү бөлүгүндө коргоо түсүндөгү тамгалар жайгашкан: аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - "К" (курсант), бийиктиги 20 мм; улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "УАЛ".
Старшиналардын жана сержанттык курамдын, курсанттардын жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын погондорундагы галундар вискоза лентасынан же коргоо түсүндөгү металлдан.
Тамгалардын бийиктиги 20 мм.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралык 20 мм. Кийинки галундардын ортосундагы аралык 2 мм, галундун туурасы: старшиналар жана улук сержанттар үчүн - 20 мм, сержанттар, кенже сержанттар жана ефрейторлор үчүн - 5 мм.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун милтесинин түсү төмөнкүдөй аныкталган: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын Аскердик соту, Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн - кызыл түстө; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы үчүн - ачык көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - жашыл түстө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаменти үчүн - ачык кызыл түстө; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн - сыя көк түстө;
3) Күнүмдүк кийим формасында погондордогу галундардын түсү төмөнкүдөй аныкталган: контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - кызыл түстө; мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн - алтын түстө.
Талаа шарттарыңда бардык аскер кызматчылары үчүн айырмалоочу белгилер - коргоо түсүндө.
4-тиркеме
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы.
2. коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаменти.
8. Кыргыз Республикасынын Аскердик соту.
9. Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 2-майы ПЖ № 82
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын сыпаттамасы, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формаларынын айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын сыпаттамасы, 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун сыпаттамасы, 3-тиркемеге ылайык;
4) ушул Жарлык колдонулуучу мамлекеттик органдардын (аскердик түзүлүштөрдүн) тизмеси, 4-тиркемеге ылайык.
2. Аскер кызматчылары болуп эсептелбеген адамдардын кийим формасы жана айырмалоочу белгилери аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасына жана айырмалоочу белгилерине окшош эмес, ошондой эле алар менен ажырата алгыс деңгээлге чейин окшош болбошу керек, буга аскердик кийим формасын кийүү жана айырмалоочу белгилерди тагынуу укугу менен запаска же отставкага бошотулган контракттык кызматтын офицерлеринин, прапорщиктеринин жана аскер кызматчыларынын кийим формасы жана айырмалоочу белгилери кирбейт;
3. Аскер кызматчылары запастар толук пайдаланылганга жана жаңыдан белгиленген аскердик кийим формаларга ырааттуу өткөнгө чейин эски үлгүдөгү аскердик кийим формасын кийүүгө жана айырмалоочу белгилерди тагынууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
1) "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүсүнүн, айырмалоо белгилерин тагынуусунун жана жабдыктарынын бирдиктүү эрежесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун иштеп чыксын жана кароого киргизсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 Жарлыгы;
2) "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-мартындагы № 88 Жарлыгы;
3) "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы № 481 Жарлыгынын 5-пункту;
4) "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 364 Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын СЫПАТТАМАСЫ
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2020-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 181 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Аскердик кийим формасы - бул аскер кызматчылардын кийүүсү үчүн дайындалган, кийимдин жана бут кийимдин предметтеринин, ошондой эле жабдыктардын маанилүү тышкы белгилери боюнча бир түргө келтирилген комплекти.
2. Маанилүү тышкы белгилерине төмөнкүлөр кирет:
1) кийимдин жана аскердик жабдыктын түзүлүшү жана түсү;
2) белгиленген түстөгү ар кандай декоративдик айырмалоочу элементтер - милтелер, лампастар, фуражканын алкактары, погондордогу ачык тилкелер, бүчүлүктөр;
3) белгиленген үлгүлөрдөгү фурнитура;
4) погондор.
3. Погондор - аскердик наам боюнча айырмалоочу белгилерди жана функционалдык дайындалышы боюнча айырмалоочу белгилерди тагуу үчүн дайындалган аскердик кийим формасынын атайын элементтери.
4. Аскердик кийим формасына мамлекеттик сыйлыктар, айырмалоочу белгилер, ведомстволук айырмалоочу белгилер жана башка аскердик-геральдикалык белгилер тагылат.
5. Айырмалоочу белгилер менен ведомстволук айырмалоочу белгилердин маанилүү белгилери болуп: түстөрдүн жана конфигурациянын айкалышы, белгиленген тартипте бекитилген расмий эмблемалардын жана геральдикалык элементтердин бар болуусу эсептелет.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын предметтериндеги милтелердин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Аскер соту, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн - кызыл түстө;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн - сыя көк түстө;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - жашыл түстө;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы үчүн - көгүш түстө;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн - темгил түстө.
7. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын береттеринин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- атайын арналыштагы бөлүкчөлөр үчүн - кочкул-жашыл түстө;
- Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы үчүн - көгүш түстө;
- калган бөлүкчөлөр үчүн - кара түстө;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн - көгүш түс;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - кочкул-жашыл түстө;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн - темгил түстө
2. Жогорку офицердик курамдын аскердик кийим формасы
8. Күнүмдүк фуражка (параддык).
Бозомтук күрөң түстөгү (параддык - ачык күрөң түстөгү) кездемеден жасалган фуражка, сүйрү тегерек түзүлүштөгү төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат.
Эки милтеси бар фуражка: бири - капталдары менен төбөсүнүн кошулган тигилишине кирет, экинчиси - алкак менен капталдардын кошулган тигилишине кирет (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча). Фуражканын алкагынын маңдайына 5 пайыздуу алтын түстөгү саймалуу кокарда бекитилет.
Маңдай кырдын сырткы кырынын жээги айланта - милтеленген жана лавр бутактары түрүндө 5 пайыздуу алтын түстө саймаланган.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, 5 пайыздуу алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (саймаланган да болушу мүмкүн). Топчулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен диаметри 14 мм алтын түстө.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн күнүмдүк фуражка саргыч жашыл түстө, алкагы сыя көк түстө, маңдай кыры кара түстө; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн күнүмдүк фуражка кочкул көк түстөгү кездемеден.
9. Кулакчындуу тумак.
Кулакчындуу тумак алкактан, калпактан жана кебден турат. Алкагы маңдай кырдан, боз түстөгү каракүлдөн жасалган кулакчындары бар кырбуудан турат.
Төбөсү төрт кыйыктан турат, маңдай кыры жана кырбуусу кулакчындары жана боз түстөгү ноотудан байлоо үчүн сызмасы менен болот. Кебез салынып астары менен кабылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат.
Маңдай кырынын ортосунда алтын түстөгү кокарда.
10. Кышкы пальто.
Бозомтук күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, көгүш-боз түстөгү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, жагы кымтыланып үч алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчусу бар. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, жана ылдыйкы тилиги бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, түз кайрылган жерлери бар. Сол жаканын астында кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун жакасынын жээгинен пальтонун этегине жана жеңдин кайрылган учуна чейин милте (милтенин түсү - аскерлердин түрлөрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Жакасында 5 пайыздуу алтын түстөгү жиптер менен лавр бутактары түрүндө сайма тигилген. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пальто саргыч жашыл түстөгү драптан; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан.
11. Жазгы-күзгү күрмө.
Бозомтук күрөң түстөгү кездемеден жасалган күрмө, силуэти түз, тик жакалуу, өңүрүнүн ички жагында ортосунан кеткен сыдырмасы, жети бөрктүү ички бүчүлүгү бар, ичилиги жылуулатылган жана сыдырып алынуучу капюшону бар. Өңүрүндө кокеткасы, капкалдырыктуу, сыдырма менен жабылуучу төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн ички жагында жабышчаак нерсеге чапталуучу түз клапандуу тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунда жана капшыттарында тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, жеңинин учу бар, жеңинин учунда бүчүлүгү бар. Өңүрүнүн төмөн жагына сыртына чапталган чөнтөктөрү түз клапандары менен бүчүлүктөргө жабылат. Сыртына чапталган чөнтөктөрдүн ортосуна эни 50-60 мм болгон тигилген бант танаптап тигилет.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор - чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн күрмө саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн күрмө кочкул көк түстөгү кездемеден.
12. Жазгы-күзгү плащ.
Бозомтук күрөң түстөгү кездемедей тигилген плащ, бир жакка кымтылама, силуэти түз, кайырма жакалуу, куру, күрөң түстөгү формалык беш топчудан турган жашыруун топчулугу бар. Өңүрүндө желбирек кокеткасы көкүрөгүнүн сызыгына чейин, капкалдырыктуу тилинип жасалган жан чөнтөгү бар. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунан тигиш кетип, этеги тилинген. Жеңдери эки тигиштүү. Плащтын капшытындагы тигиштеринде, белинин тушунда кур үчүн илгичтери бар. Чечип алма курунун таралгасы бар. Чечип алма ичилиги топчу менен топчуланат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн плащ саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн плащ кочкул көк түстөгү кездемеден.
13. Мундир.
Мундир ачык-боз түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма толук кыналып турбаган кайырма жакалуу ачык болот жана анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги үч формалык топчусу менен топчулугу бар. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдеринде кош тигиш болуп, кайрылган учтары түз болот. Мундирдин жакасында жана жеңинин учтарында 5 пайыздуу алтың түстө лавр жалбырактары түрүндө тигилген сайма бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында - милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
14. Күнүмдүк китель.
Китель бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз кайырма жакалуу, лацканы бар, ачык болот жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги алтын түстөгү төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар. Өңүрүнүн капшыты тилинип жасалган бөлүктөрү менен түз, алды танаптап тигилген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 14 мм диаметриндеги алтын түстөгү топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү жана фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант кайып тигилген. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик. Жеңдери танаптап тигилген кош тигиштүү жеңдеринин кайрылган учтары түз. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү кесилген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөк бар. Жакасында 5 пайыздуу алтын түстө лавр жалбырактары түрүндө тигилген сайма бар. Жеңдгрдин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн китель саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн китель кочкул көк түстөгү кездемеден.
15. Пуловер.
Жарым-жартылай жүндөн жасалган, жеңи узун, V - түрүндөгү кесик жакасы менен бозомтук күрөң түстөгү пуловер. Ийин жагында жана чыканак тушундагы тигиштерде күрөң түстөгү жасалгаланган кездемеден сыртынан капталып тигилет. Алдынкы өңөрүндөгү сол жагында, ошондой эле сол жеңинин ийиндеги тигишинин астында жабышчаакка чапталуучу түз капкалдырыктары менен күрөң түстөгү жасалгаланган кездемеден сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү болот. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пуловер саргыч жашыл түстө; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пуловер кочкул көк түстөгү кездемеден.
16. Багалеги коё берилме шым.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден (параддык - ачык боз кездемеден), топчуларга топчулануучу (сыдырылуучу) бел курчоосу танаптап тигилет. Белинде кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдында сызыктар үчүн танап, капталдагы тигиштерде чөнтөктөр бар. Шымдын астыңкы сол жагында саат үчүн чөнтөк болот. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Капталдагы тигиштеринде жана чөнтөктөрүндө милте, милтенин эки тарабында - лампастар (милтенин жана лампастын түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн шым кочкул көк түстөгү кездемеден.
17. Сыдырмалуу күрмө.
Күрмө бозомтук күрөң түстөгү кездемеден жасалат. Анын кайырма жакасы, ортосундагы сыдырмасы бар, танаптап тигилген бели жана этегине чейин астары болот. Өңүрүндө кокеткалары болуп, өйдө жагында кокетканын тигишине танаптап тигилген жана эки формалык топчу менен топчулануучу планкалуу жана фигуралуу капкалдырыктары бар сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү болот. Капталында тилип жасалган жана сыдырмасы бар төрт бурчтуу чөнтөгү болот. Сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрүнүн ортосунан эни 30 мм бант бүктөмү тигилет. Далысында кокеткасы бар. Жеңдери бир тигиштүү, чыканак жактагы тигиштеринде бир тилиги бар жана жеңдин учу танаптап тигилет. Күрмөнүн этеги капталдарындагы тигиштеринде үч катар кеткен жылмакай сызма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана жеңдин учу диаметри 14 мм келген формалык алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн топчулар менен топчуланат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор Чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн күрмө саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн күрмө кочкул көк түстөгү кездемеден.
18. Кышкы талаа күрмөсү жана шымдар.
Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жана күрмөнүн этегине чейин жылуулатылган астар салынат, чечип алма капюшону жана жылуулаткычы болот. силуэти түз, өңүрүнүн ички жагында ортосунан кеткен сыдырмасы, 4-5 топчулуу (бөрктүү) ички бүчүлүгү бар. Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасы бар жана бүчүлүк тарапка 15 градус кыйшайган сыдырмалуу жашыруун төш чөнтөгү жана кыюусу менен тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Тик жакасы жабыштыргычка (бөрккө) Чапталат. Далысы туюк бычылып белинен ички кулисасы бар. Далысынын үстүнкү бөлүгүндө моюндун тушунда сыдырмага (бөрккө) бекитилүүчү танаптап тигилген капюшону бар. Жеңдери эки тигиштүү, танаптап тигилген. Жеңдердин төмөн жагы туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан. Жеңдердин ички бөлүгү серпилме билек боо менен тартылат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, талаа түсүндө.
Шымдар камуфляж түстөгү кездемеден жана багелегине чейин жылуулатылган астары болот. Бели танаптап тигилип өткөргүчтөрү бар жана топчулар менен топчуланат (сыдырылат). Шымдын алдынкы жагында капталында чөнтөктөрү жана жабышчаакка (топчуга) чапталуучу, түз капкалдырыктуу сыртынан чапталып тигилүүчү чоң чөнтөктөр бар, алар узунунан бүктөмдөрү боюнча тигилет. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлүп тигилет жана серпилме сызма тагылат.
19. Талаа фуражкасы.
Талаа фуражкасы камуфляж түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан жана кайырма желке жапкычтан турат. Фуражканын алкагынын алдында коргоо түсүндөгү кокарда. Каптал жактарында 5 мм диаметрдеги металл көзөнөкчөлөр бекитилген эки желдетүүчү тешик жайгашкан.
20. Талаа панамасы.
Талаа панамасы камуфляж түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт кыйыктуу калпактан, курбудан кооздоочу сызмадан жана боону бекиткичтен турат. Курбулар кош тигиш менен танаптап тигилген. Калпактын кыйыгынын учтарында желдетүүчү диаметри 5 мм металл көзөнөкчөлөр бар. Маңдайында, төбөнүн бириктирилген тигишинде, коргоо түсүндөгү кокарда бар.
21. Берет.
Берет жүндөн жасалып, сүйрү тоголок формасындагы төбөдөн, эки же үч капталдан жана астардан турат. Капталдын төмөн жагы булгаары милтенин тасмасы менен иштелип чыккан. Ага боо өткөрүлгөн. Маңдайкы капталдын борборунда алтын түстөгү кокарда жайгаштырылат.
Береттин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча.
22. Жайкы талаа күрмөсү жана шым.
Күрмө камуфляж түстөгү кездемеден, силуэти түз жана өңүрүнүн ортосунда жабык сыдырмасы, бир ачык топчусу бар. Өңүрү түз, топчулануучу (жабыштырылуучу) түз капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилүүчү чоң төш чөнтөктөрү бар. Далысында кокеткасы бар. Тик жакасы жабыштырылып бүчүлөнөт. Жеңдери эки тигиштүү танаптап тигилген, чыканагы бекемделип жамалган. Жеңдердин үстүнкү сырткы бөлүгүндө жабышчаакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген чоң чөнтөктөрү бар. Жеңдердин учунда ортоңку тигиштерге танаптап тигилген тарткычы бар, анын бош учтары жабышчаакка (топчуга) чапталат. Жеңдердин колтук жагынын ылдый жагында диаметри 5 мм болгон желдетүүчү металл көзөнөкчөлөр бар. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, камуфляж түсүндө.
Шым камуфляж түстөгү кездемеден, бели танаптап тигилген, ички жагында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу бар, топчуга топчулануучу (сыдырылуучу) эки өткөргүчтөрү болот. Шьмдын алдынкы жагында капталында чөнтөктөрү жана жабышчаакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыктары менен чоң сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөр бар, аларда узунунан танаптап тигилген бүктөмдөр болот жана тизе жагы бекемделип жамалат. Шымдын арткы жагында жабышчаакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилген чоң чөнтөгү бар жана жамбаш жагы бекемделип жамалат. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлүп тигилет.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн:
- күрмө камуфляж түстөгү кездемеден, силуэти түз жана өңүрүнүн ортосунда жабык сыдырмасы, бир ачык топчусу бар. Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасы бар капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөгү жана жан чөнтөгү бар. Кайырма жака. Далысы бел жагындагы ички кулисасы менен бирге бычылган. Жеңдери танаптап тигилген бир тигиштүү, учу кайрылган. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, талаалык.
- жайкы талаа шымы камуфляж түстөгү кездемеден, топчуга топчулануучу бели танаптап тигилген, өткөргүчтөрү бар. Шымдын капталдарында капкалдырыгы менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар. Каптал тигишине штрип бар, анын бош учу эки топчуга топчуланат.
23. Формалык кепка.
Кепка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, маңдай кырдан жана 5-6 кыйыктан турат. Алдынкы кыйыктар бекемделип жамалат. Кыйыктардын бардык айланасы боюнча ички жагынан жабышчаакка чапталуучу сызма тигилет. Маңдай кырдын өлчөмү 7 см.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кепка саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн кепка кочкул көк түстөгү кездемеден.
24. Формалык көйнөк.
Формалык көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден жана узун жеңдүү. Бели туюк бычылып, каптал тигиши жагында серпилме сызма менен тартылат, өңүрүндө этегине чейин алты-жети топчу, жакасында бир топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңи узун жеңдин учу танаптап тигилген, топчуланат.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн ачык көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк.
25. Шымга формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден жана узун жеңдүү. Түз бычылган, бөйрөмчөдө этегине чейин алты-сегиз топчусу, жака каптамында бир топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңи узун жана танаптап тигилген, топчулана турган жеңдин учу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн көйнөк саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн көйнөк ачык көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден.
26. Чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден, чолок жеңдүү. Бели туюк бычылып, каптал тигиштери жагында серпилме сызма менен тартылып, бөйрөмчөдө этегине чейин алты-сегиз топчусу, жакасынын каптамында бир топчусу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү бар, анын узунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк тигилген. Чолок жеңдүү, жең учу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн көйнөк саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн көйнөк ачык көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден.
27. Шымга чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден чолок жеңдүү. Бөйрөмчөдө этегине чейин алты-сегиз топчусу жакасынын каптамында бир топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү бар, анын узунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк тигилген. Чолок жеңдүү, жең учу бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн көйнөк саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн көйнөк ачык көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден.
28. Жагоо.
Жагоо бозомтук күрөң түстөгү кездемеден (параддык - кара түстөгү кездемеден), созулган трапеция түрүндө, учу тар бурчтуу болгон негизги бөлүктөн, "Регат" аттуу туруктуу түйүндөн жана формалык көйнөктүн Жакасынын алды жагынан өткөрүп тагынуу үчүн илмектен турат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн жагоо саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн жагоо кочкул көк түстөгү кездемеден.
29. Футболка.
Футболка кыска жеңдүү, жакасы бүтүн, пахта кездемесинен хаки, камуфляж, күрөң же темгил түстө болот.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн көгүш жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен узун жеңдүү футболка. Көгүш жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен майка. Ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн темгил түстөгү узун жеңдүү футболка. Темгил жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен майка.
30. Кончу бийик ботинкалар.
Кончу бийик ботинка булгаарыдан кара түстө болот, тумшугунан, кончтон, тилинен, апкыттан, улдан турат. Кончтун алды жагында боо өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Боо менен байланат. Таманы жана такасы резинадан болот. Улу ысык вулканизация (куюлган, ранта, аралаш) методу менен бекитилет. Ичинде - салынуучу батектер.
Жеңилдетилген варианттагы кара (саргыч боз) түстөгү кончу бийик ботинка конструкциясы боюнча кончу бийик ботинка сыяктуу, бирок текстиль менен булгаары айкалыштырып жасалат. Кончтун ич жагында сыдырмасы болушу мүмкүн.
31. Кайыштан жасалган кыска ботинкалар (туфлилер).
Кайыштан жасалган ботинкалар кара түстө, тумшугунан, кончтон, тилинен жана улдан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун алды жагында боо (резинадан болушу мүмкүн) өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Тумшугунун астары пахтадан жасалган кездемеден (булгарыдан), кончтун түбү астарлык кайыштан. Батеги, апкыты - кайыштан. Тумшугунун учу кайыш же гранитолдон. Таманы, такасы формалаган резина таш тамандуу кайыштан (резинадан) болот. Улу желим менен бекитилет.
32. Жылуулатылган топу.
Жылуулатылган топу камуфляж (хаки) түстө, бүтүн бычылып кайырма желке жапкычы бар.
33. Кашне.
Кашне токулган, күрөң (ак) түстө, өлчөмү 120х20 см, кыска жактарында чачыктары бар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кашне саргыч жашыл түстө; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн кашне кочкул көк түстөгү кездемеден.
34. Ак түстөгү кол кап.
Кол каптар ак түстөгү тор кездемеден, кол каптын сырткы жагында кооз быдыр (жасалгалуу) тигиш бар. Билек жагы серпилме сызма менен тартылат же баскыч менен бекитилет.
35. Кайыштан, жүндөн жасалган кол каптар.
Кол каптар кара түстөгү кайыштан, ичи тери менен жылууланган, жарым жүндүү астары бар же анысы жок беш салаалуу. Кол каптын сырткы жагында кооз быдыр (жасалгалуу) тигиш бар. Кол каптын Билек жагынан алакан жагы серпилме сызма менен тартылат.
Жүндөн жасалган беш салаалуу кол каптар кара түстө жылмакай билек боосу менен.
36. Кышкы кол каптар.
Кышкы кол каптар камуфляж түстөгү кездемесинин аралашмасынан (кара, коргоо) жылууланган беш салаалуу. Кол каптын билек жагы серпилме сызма менен тартылат.
37. Белге тагылуучу кур.
Белге тагылуучу кур күрөң түстөгү кайыштан, беш катарлуу эки тилдүү таралга тагылат. Курдун учунда таралганын тилдери үчүн тешиктер бар.
Таралга, жарым шакектер жана кобуралык басмактар латундан жасалып алтын түстө.
38. Шымга тагылуучу кур.
Шымга тагылуучу кур кайыштан, кара түстө, беш катарлуу бир тилдүү металл таралгалуу, жазылыгы 30 мм - 40 мм. Шымга тагылуучу курда таралганын тили үчүн тешиктер жана кыймылдуу өткөргүч бар.
39. Параддык кемер.
Параддык кемер жазылыгы 45-50 мм келген жана алтын түстөгү негизги курдан турат. Курга ичине сүйрү тоголок металл таралга бекитилет, анын ички жагында күндүн түндүк жайгаштырылган тоголок дискинин сүрөтү бар.
40. Аксельбант.
Аксельбант алтын түстөгү өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана жардамчы боолордон турат. Жардамчы боолордун учу учтуу алтын түстөгү металл учу бар. Металл учтун узундугу 80 мм.
41. Жамынма плащ.
Жамынма-плащ камуфляж түсүндө (хаки, коргоо түстөрүндө) Өңүрүндө жабык сыдырмасы бар. Өңүрдөн, далыдан, кайрыма жакадан жана капюшондон турат.
Өңүрүндө колдор үчүн тиликтери бар, анда эки топчуга топчулануучу кыюусу бар. Кыюунун ички жагында - кол үчүн карматкычтар бар.
42. Талаа баштыгы.
Талаа баштыгы корпустан, жапкыч-клапандан, көтөрүүчү боодон турат. Көтөрүүчү боонун учтарына илмек-карабиндер тигилген, аларга баштык илинет. Талаа баштыгынын корпусунун ички жагы тосмо менен бөлүнгөн.
3. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кийим формасы
43. Параддык фуражка.
Фуражка ачык жашыл түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражканын эки милтеси бар (милтенин түсү - аскер түрү боюнча): бири төбөнүн каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилген болсо, экинчиси, алкактын каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилген болот. Маңдай кырдын алкагынын маңдай жагында алтын түстөгү кокарда тагылат.
Маңдай кыры алтын түстөгү лавр бутактары түрүндө саймаланган.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Фуражканын маңдай кырынын өлчөмү - 6 см. Фуражканын кебинин өлчөмү 7 см.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясы үчүн - фуражка кочкул-көк түстөгү кездемеден, алкак - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети үчүн алкагы сыя көк түстө; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - фуражка жашыл түстөгү курбусу, кочкул-көк түстөгү алкагы, кара түстөгү маңдай кыры менен; кенже офицердик курам, прапорщиктер жана жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдарындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - фуражканын маңдай кыры саймаланбаган.
44. Күнүмдүк фуражка.
Фуражка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражканын эки милтеси бар (милтенин түсү - аскер түрү/ведомстволук таандыгы боюнча): бири төбөнүн каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилген болсо, экинчиси, алкактын каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танаптап тигилет.
Фуражканын алкагынын маңдайына алтын түстөгү кокарда тигилет.
Маңдай кыры алтын түстөгү эмен бутактары түрүндө саймаланган. Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Фуражканын маңдай кырынын өлчөмү - 6 см. Фуражканын кебинин өлчөмү - 7 см.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясы үчүн фуражканын алкагы - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн фуражка саргыч жашыл түстөгү кездемеден, сыя көк түстөгү алкагы менен, маңдай кыры кара түстө саймаланбаган, фуражканын маңдай кырынын үстүндө алкагы боюнча алтын түстөгү өрүлгөн боо эки формалык топчуга топчуланат; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - фуражканын курбусу жашыл түстө, алкагы кочкул көк түстө, маңдай кыры кара түстө болот; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн фуражка кочкул көк түстөгү кездемеден; кенже офицердик курам, прапорщиктер, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - фуражканын маңдай кыры саймаланбаган.
45. Формалуу шляпа.
Шляпа бозомтук күрөң (параддык - ачык жашыл түстө) түстө курбусу жыйрылуучу панама түрүндөгү түзүлүштө, үч бөлүктөн турат: башы, төбөсү жана курбулардан. Төбөсүнүн бычылышы айлана түрүндө. Курбулары эки капталдуу, деталдардын арасында милте (милтенин түсү – аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
46. Формалуу пилотка.
Пилотка бозомтук күрөң түстө (параддык - ачык жашыл түстө), үч бөлүктөн: төбөсүнөн, капталдарынан жана кырлардан турат. Кырлардын үстүнөн милтелер тигилген (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Пилотканын капталынын жогорку жагында - шакекче түрүндөгү желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар Астары бар пилотка чеке жапкычы менен.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пилотка саргыч жашыл түстө; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пилотка кочкул көк түстөгү кездемеден.
47. Кулакчындуу тумак ("полковник" наамындагы аскер кызматчылары үчүн).
Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы маңдай кырдан, желкеден кулакчындары менен болуп боз түстөгү каракүлдөн жасалат.
Төбөсү төрт кыйык, маңдай кыры жана желкеси кулакчындуу жана анда боз түстөгү ноотудан байлоо үчүн сызмасы бар. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Алдыңкы маңдайынын ортосунда алтын түстөгү кокарда.
48. Накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак.
Күрөң түстүү кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы маңдай кырдан, накта (жасалма) териден жасалган кулакчалары менен желкеден турат.
Төбөсү төрт кыйык, маңдай кыры жана желкеси кулакчындуу жана анда боз түстөгү ноотудан байлоо үчүн сызмасы бар. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Алдыңкы маңдайынын ортосунда алтын түстөгү кокарда.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн кулакчындуу тумак саргыч жашыл түстө; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн кулакчындуу тумак кочкул көк түстө.
49. Кышкы пальто.
Бозомтук күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, күрөң түстөгү накта (жасалма) териден жасалган чечилүүчү жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, өңүрү кымтыланып үч алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчусу бар. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана түз капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, жана ылдыйкы тилиги бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол жаканын ич жагында кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн.
Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн пальто саргыч жашыл түстөгү драптан; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан.
50. Кышкы пальто (аял аскер кызматчылары үчүн).
Бозомтук күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, кайырма жакасы жана күрөң түстөгү накта (жасалма) териден жасалган чечилүүчү тери жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, өңүрүнүн ортосунан 5-7 топчуга ички топчулугу бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчусу бар. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана кыюу салынган тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, этегине чейин. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол жаканын ич жагында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондору тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пальто саргыч жашыл түстөгү драптан; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан.
51. Жазгы-күзгү күрмө.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу погондорду бекитүү үчүн ичке тарткычтар танаптап тигилген.
Погондору тагылма, күнүмдүк.
52. Жазгы-күзгү плащ.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
53. Жазгы-күзгү плащ (аял аскер кызматчылары үчүн).
Жазгы-күзгү плащ бозомтук күрөң кездемеден. Бир өңүрлүү, силуэти түз, кайырма жака, өңүрүндө 5-7 топчуга ички топчулугу бар. Өңүрлөрүндө көкүрөгүнүн линиясына чейин кайырма кокеткалары бар, тилинген каптал бөлүктөрү, кыюу салынган тилик жан чөнтөктөрү менен. Далысында ортосундагы тигиште кокеткасы бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жылуулагычы чечилет топчуланат.
Ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн өткөргүч жана эки илмек бар.
Погондору чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн плащ саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн плащ кочкул көк түстөгү кездемеден.
54. Параддык китель.
Китель ачык жашыл түстөгү кездемеден, силуэти түз, ачык, бир өңүрлүү кайырма жакасы жана лацканы менен, өңүрү алтын түстөгү төрт формалуу топчу менен топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Далысынын ортосунда тилик менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жаканын кырында, чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрдүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар.
Топчулардын диаметри 22 мм, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган.
Погондор тигилме, параддык.
55. Параддык жакет.
Жакет ачык жашыл түстөгү кездемеден, силуэти түз жана бир өңүрлүү, кайырма жакалуу, лацканы менен. Өңүрүндө диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки формалык топчуга топчулугу бар. Жаканын кырында жана чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган төрт бурчтуу жан чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө кыюу салынган тилинип жасалган төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген жана кош тигиштүү, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчусу бар.
Погондору тигилүүчү, параддык.
56. Күнүмдүк китель.
Китель бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз, ачык, бир өңүрлүү кайырма жакалуу жана лацканы менен, өңүрүндө диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган төрт формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү жана фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган каптал жан чөнтөгү бар. Сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант бүктөмү бар. Далысынын ортосунда тигиши бар, ал тилик менен аяктайт. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн китель саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн китель кочкул көк түстөгү кездемеден.
57. Формалык жакет.
Жакет бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз жана бир өңүрлүү, кайырма жакалуу, лацканы менен. Өңүрүндө диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, кыюу салынган тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө кыюу салынган тилинип жасалган төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчусу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн жакет саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн жакет кочкул көк түстөгү кездемеден.
58. Сыдырмасы бар күрмө.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
59. Пуловер.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
60. Багалегин сыртка коё берме шымдар.
Шымдар бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, жана бели топчуга топчуланып, танаптап тигилген. Белинде өткөргүчтөрү бар. Алдыңкы бөлүгүндө кыр үчүн танабы бар, каптал тигишинде төрт бурчтуу чөнтөктөрү бар. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Шымдын алдыңкы жагына астар салынган. Каптал тигишинде милте бар (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн шым кочкул көк түстөгү кездемеден; прапорщиктер, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн шымдын милтеси жок.
61. Юбка.
Юбка бозомтук күрөң түстөгү (параддык - ачык жашыл түстөгү) кездемеден. Түз бычылат, бели танаптап тигилген эки кездеменин энинен турат. Сол жактагы каптал тигиштин жогорку жагында бир топчусу бар жана сыдырма салынган. Юбканын алдыңкы жана арткы жактарында танаптап тигилген эки тигиш бар. Юбканын арткы кездемесинин энинин ортосу бүгүлгөн. Бели тигиштин кырынан 03 мм аралыкта танаптап тигилген.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн юбка саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн юбка кочкул көк түстөгү кездемеден.
62. Кышкы талаа күрмөсү жана шымы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу ичке илгичтер тигилген. Климаты суук райондордо жаканын кайырма капталында накта (жасалма) териден жасалуучу чечип алма тери жакасы бар. Погондор киргизилет, талаалык.
63. Берет.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
64. Талаа фуражкасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
65. Талаа панамасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
66. Жайкы талаа күрмө жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу илгичтер тигилет.
Погондор киргизилет, талаалык.
67. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу илгичтер тигилет.
Погондор киргизилет, күнүмдүк (параддык).
68. Чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу илгичтер тигилет.
Погондор киргизилет, күнүмдүк (параддык).
69. Шымга формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу илгичтер тигилет.
Погондор киргизилет, күнүмдүк (параддык).
70. Шымга кыска жеңдүү формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу илгичтер тигилет.
Погондор киргизилет, күнүмдүк (параддык).
71.Футболка
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
72. Формалык кепка.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
73. Жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
74. Жагоо-бант.
Жагоо-бант бозомтук күрөң түстөгү (параддык - кара түстөгү) кездемеден, тилимдери бири-биринин үстүнө коюлуучу банттан турат, алар 45 градус бурчу боюнча кайчылашат жана жагоо-бантты формалык көйнөктүн жакасынын астына тагуу үчүн илмеги бар.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн жагоо-бант саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн жагоо-бант кочкул көк түстөгү кездемеден.
75. Жылуулатылган топу.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
76. Кашне.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
77. Териден, жүндөн жасалган кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
78. Кышкы кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
79. Ак кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
80. Кончу бийик ботинкалар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
81. Териден жасалган кыска ботинкалар (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
82. Туфли (аял аскер кызматчылары үчүн).
Туфлилер кара түстөгү булгаарыдан. Таманы кайыштан, таш таманы жана такасы бар. Алар желим менен бекитилет. Таканын бийиктиги 5 смдан ашпайт.
83. Белге тагуучу кур.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
84. Параддык кемер.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
85. Шымга тагуучу кур.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
86. Шымга тагуучу кур (аял аскер кызматчылары үчүн).
Шымга тагылуучу кур кара түстө, эни 20 мм - 25 мм кайыштан, бир тилдүү, беш катарлуу, металл таралгасы бар. Шымга тагылуучу курда таралганын тили үчүн тешиктер жана жылдыруучу өткөргүчү бар.
87. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
88. Жамынма-плащ.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
89. Талаа баштыгы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
4. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын, аскердик окуу жайлардын курсанттарынын, Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын аскердик кийим формасы
90. Күнүмдүк фуражка.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Фуражканын маңдай кырынын саймасы жок.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн фуражка кара түстөгү кездемеден, алкагы кызыл түстө.
91. Формалык пилотка.
Пилотка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, төбөдөн, капталдан жана кырдан турат. Пилотканын каптал жактарында үстүнкү жагында шакекче түрүндөгү желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар. Пилоткада чеке жапкычы менен астары бар.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн пилотка кара түстөгү кездемеден.
92. Кулакчындуу тумак.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн кулакчындуу тумак кара түстөгү кездемеден.
93. Кышкы пальто.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн пальто кара түстөгү драптан.
94. Күнүмдүк китель.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн китель кара түстөгү кездемеден.
95. Багалегин сыртка коё берме шымдар.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, бели топчуга топчуланат, танаптап тигилген. Белинде өткөргүчтөрү бар. Алды жагында кыр үчүн бүктөм, капталдагы тигиштеринде төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы ( менен төрт бурчтуу чөнтөк. Шымдын алдынкы жагына астар салынат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден; Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн шымдар кара түстөгү кездемеден, каптал тигишинде кызыл түстөгү лампастары бар.
96. Багалеги өтүккө киргизилүүчү жүн кездемеден тигилген шым.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден, алдыңкы жана арткы жагынан, белинен, штриптерден жана тарткычтардан турат.
Шымдын алдынкы жагындагы капталда чөнтөктөрү бар. Арткы жагынын багалек жагы кесилген. Шымдын арткы оң жагында топчуга топчулануучу тилинип жасалган чөнтөк бар.
Белинде тарткычтарды тагуу үчүн топчулары, эки илмек жиби жана топчулары бар, гульфигинде сыдырмасы бар.
Шымдын алдыңкы жагына астар салынган.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден.
97. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
98. Футболка
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
99. Жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн жагоо кара түстөгү кездемеден.
100. Кышкы талаа күрмөсү жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жылуулаткычы чечилбейт, жакасы кайырма, күрөң түстөгү жасалма териден жасалган чечип алма тери жакасы бар.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор киргизилет, талаалык.
101. Берет.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
102. Талаа фуражкасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
103. Талаа панамасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
104. Жылуулатылган топу.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
105. Жайкы талаа күрмөсү жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор киргизилет, талаалык.
106. Кончу бийик ботинкалар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
107. Казармалык тапичкелер.
Казармалык тапичкелер коңур түстө, тамандан жана үстү жагынан турат, тикелей куюу ыкмасы менен жасалган.
108. Териден (жасалма териден) жасалган кыска ботинкалар (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
109. Ак түстөгү кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
110. Кышкы жарым жүндөн кол Каптар.
Жарым жүндөн кышкы беш салаалуу кол каптар кара (коргоо) түстө, билек боосу менен.
111. Кышкы кол каптар.
Кышкы кол каптар коргоо (кара, камуфляж, коргоо) түстөгү кездемесинин аралашмасынан, жылууланган, беш салаалуу. Билек жагы жылмакай серпилме сызма менен тартылат.
112. Белге тагылуучу кур.
Белге тагылуучу кур күрөң түстөгү жасалма териден (параддык - жасалма ак түстөгү териден), эни 40-50 мм курдан турат. Курга ички жагына түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискинин сүрөтү бар тик бурчтуу металл таралга бекитилет.
113. Шымга тагылуучу кур.
Шымга тагылуучу кур бозомтук күрөң (коргоо) түстөгү тасмадан, кыймылдуу жана кыймылсыз өткөргүчтөрдөн турат. Курга тик бурчтуу таралга тигилген.
114. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
115. Хром (юфта же кирза) өтүктөр.
Өтүк кара түстө, тумшугунан, кончтон жана улдан турат. Таманы, батеги, апкыты кайыштан. Таманы жана такасы кайыштан, таш таманы калыпка куюлган резинадан. Улу рант-желим менен (желим менен бекитсе болот) бекитилген. Ичинде тери батек.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун аскер кызматчыларынын аскер кийим формасы
116. Фуражка.
Фуражка ачык жашыл түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, төрт курбудан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражкада көгүш түстөгү эки милте бар: биринчиси - төбөсүндө курбу менен кошулуп тигилген жерде, экинчиси - алкактын курбу менен бириккен тигишинде.
Фуражканын алкагынын алды жагында кокарда бар, анын каптал жактары лавр жалбырагы түрүндө саймаланат. Фуражканын кебинде символиканын сүрөтү бар, маңдай кыры кара түстөгү лакталган кайыш менен, ал эми алды жагы замша же кара түстөгү жүн кездеме менен капталган.
Фуражканын маңдай кырында жалың түрдө сайма бар. Фуражканын маңдай кырындагы үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчуларынын диаметри 14 мм, алтын түстө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
117. Кулакчындуу тумак.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
118. Мундир.
Мундир ачык жашыл түстөгү кездемеден, кайырма жакалуу, диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрүнүн капталдарында капкалдырыктуу, тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далысында ортосунан кеткең тигиши бар. Жеңдери кош тигиш, жеңдери учтары түз кайрылган. Жакасында лавр жалбырагы түрүндө сайма бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын жана жакасынын кырларында көгүш түстөгү ноотудан милте бар. Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында тигилген саймасы бар. Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөр бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
119. Багалеги өтүккө киргизилүүчү жүн кездемеден тигилген шым.
Шымдар ачык жашыл түстөгү кездемеден, алдыңкы жана арткы жагынан, белден, штриптен жана тарткычтардан турат.
Шымдын алдыңкы жагында капталында чөнтөктөрү бар. Арткы жагынын багалек жагы кесилген. Шымдын арткы оң жагында топчуга топчулануучу тилинип жасалган чөнтөгү бар.
Белинде тарткычтарды тагуу үчүн топчулары, эки илмек жиби жана топчулары бар, гульфигинде сыдырмасы бар.
Капталындагы тигиштерине көгүш түстөгү милте тигилген.
Шымдын алдыңкы жагына астар салынган.
120. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
121. Параддык жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
122. Кышкы пальто.
Кышкы пальто ачык жашыл түстөгү драптан жасалган, каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы жана жылуулаткычы бар, силуэти түз, жагы кымтыланып үч алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө алтын түстөгү кооздолгон үч топчусу бар. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилинип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бели жагында каршы бүктөмү бар, этек жагы тилик, бел жагында тилке болуп кеткен эки тигиши жана тартылып турган тарткычы бар. Бел жагындагы бүктөмү кош тигиш менен бекемделген. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол өңүрдүн ич жагында тилинип жасалган чөнтөгү бар. Пальтонун этегине чейин астар салынган. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Жакасында лавр жалбырагы түрүндө саймаланган.
Погондор тигилүүчү, парадды.
123. Параддык кур.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
124. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
125. Хром өтүктөр.
Хром өтүк кара түстө, тумшугунан, кончтон, улдан турат. Таманы, батеги, апкыты тамандык кайыштан жасалат. Таманы жана такасы тамандык кайыштан, калыпка куюлган резина таш таманы менен. Улу рант-желим менен бекитилген (желим менен бекитүүгө болот). Ичинде кайыш батек салынган.
126. Ак түстөгү кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Кышкы кол каптар жарым жүндөн жасалган, беш салаалуу, билек боосу бар.
6. Аскердик-көрсөтмө оркестрдин аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы
127. Фуражка.
Фуражка ачык жашыл түстөгү кездемеден, сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, төрт курбудан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражкада эки милте бар: (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча) биринчиси - төбөсүндө курбу менен кошулуп тигилген жерде, экинчиси - алкактын курбу менен бириккен тигишинде. Фуражканын алкагынын алды жагында кокарда бар, анын каптал жактары лавр жалбырагы түрүндө саймаланат. Фуражканын кебинде алтындап саймаланган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен эмблема бар, маңдай кыры кара түстөгү лакталган кайыш менен, ал эми алды жагы замша же кара түстөгү жүн кездеме менен капталган.
Фуражканын маңдай кыры кара түстө. Фуражканын маңдай кырында лавр жалбырагы түрдө сайма бар. Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат (улуттук оюм түрүндө саймаланат). Топчуларынын диаметри 14 мм, алтын түстө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
128. Накта териден кулакчындуу тумак.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
129. Параддык китель.
Китель ачык жашыл түстөгү жүндөн жасалган кездемеден, силуэти түз, ачык, бир өңүрлүү кайырма жакасы жана лацканы менен, өңүрү алтын түстөгү беш формалуу топчу менен топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган жан чөнтөктөрү бар. Далысынын ортосунда тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, жеңдеринин учу түз кайрылат. Жакасында сайма бар. Жаканын кырында, жеңдеринин кайрылган учтарынын, чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында саймасы бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар Топчулардын диаметри 22 мм, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган.
Погондор тигилме, параддык.
130. Шым.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
131. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
132. Жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
133. Кышкы пальто.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
134. Параддык кемер.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
135. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
136. Кыска ботинкалар (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
137. Ак түстөгү кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Кышкы кол каптар жарым жүндөн токулган, беш салаалуү билек боосу бар.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын СЫПАТТАМАСЫ
(КР Президентинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 181 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кокарда:
1) жогорку офицердик курам үчүн:
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын үстүндө кызыл түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгашкан. Эмблемасы менен кокарда фуражканын төбөсүнүн кездемесинин түсүнө окшош тондогу сайма менен аткарылган. Шумкар (бүркүт) жана лавр бутактары 5 пайыздуу алтын капталган алтын түстүү сайма менен аткарылган. Фуражкага, беретке тагылат;
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Арткы бетинде баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;
Эскертүү: ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн:
- кокарда ортосунда кызыл түстүү беш жылдыз жайгашкан эмблемадан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Шумкардын ылдыйкы бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюусу жайгашкан. Кокарда эмблемасы менен фуражканын үстүңкү кездемесине окшош түстөгү сайма менен аткарылган. Жылдыздын жээги, улуттук оюу жана эмен жалбырактары 5 пайыздык алтын жалатылган алтын түстүү сайма менен жасалган. Фуражкага жана беретке тагылат;
- алтын түстөгү, эмблемалуу металл кокарда ортосунда жайгашкан кызыл түстүү беш жылдыздан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Арткы тарабында баш кийимге тагылуучу кадагычы бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;
2) улук жана кенже офицердик курам үчүн:
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын үстүндө кызыл түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгашкан. Эмблемасы менен кокарда фуражканын төбөсүнүн кездемесинин түсүнө окшош тондогу сайма менен аткарылган. Шумкар (бүркүт) жана лавр бутактары алтын түстүү. Фуражкага, беретке тагылат;
- эмблемасы менен кокарда оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө узунан чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Арткы бетинде баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;
Эскертүү: ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн:
- кокарда ортосунда кызыл түстүү беш жылдыз жайгашкан эмблемадан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Шумкардын астыңкы бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюусу жайгашкан. Кокарда эмблемасы менен фуражканын үстүңкү кездемесине окшош түстөгү сайма менен аткарылган. Жылдыздын жээги, улуттук оюу жана эмен жалбырактары алтын түстө. Фуражкага жана беретке тагылат;
- алтын түстөгү, эмблемалуу металл кокарда ортосунда жайгашкан кызыл түстүү беш жылдыздан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Арткы тарабында баш кийимге тагылуучу кадагычы бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;
3) бардык категориядагы аскер кызматчылары үчүн: кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан (пластмасса) эмблемасы бар, ал алтын түстөгү эки кырлуу, кырлары чыккан 32 нурдан турат, ортосунда кызыл эмаль менен сырдалган сүйрү томпоктун бетине жайгаштырылган алтын түстөгү беш жылдызы менен, ал сүйрү тоголок тилкелер менен курчалат. Кокарданын аркы жагында баш кийимге тагуу үчүн бекиткич бар. Фуражкага, кулакчындуу тумакка, формалык кепкага, беретке жана пилоткага тагылат.
Талаа фуражкасында жана талаа панамасына эмблемасы бар кокарданын конструкциясы ушундай эле, бирок коргоо түсүндө коргоо түсүндөгү сайма менен жасалышы мүмкүн.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун аскер кызматчылары үчүн жана аскердик көрсөтмө оркестринин аскер кызматчылары үчүн - эмблемасы бар алтын түстөгү кокарда тигилген алтын түстөгү лавр бутактары менен жээктелген, ал узунунан чоюлган;
4) эмблемасы бар алтын түстөгү кокарда, жээктелген тегерек түрүндө, тегеректин ичинде оң чеңгелинде кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагы бар алтын түстөгү шумкардын (бүркүттүн) сүрөтү бар. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын (бүркүттүн) үстүндө түндүк жайгаштырылган. Кара түстөгү сайма менен жасалышы мүмкүн, шумкар (бүркүт) жана түндүк алтын түстөгү сайма менен аткарылат.
Формалык кепкага тагылат.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колго тагылган белгиси.
Үстү жагы төрт бурчтуу, ылдый жагы дого түрүндө болгон төрт бурчтук, анын өлчөмү 9 жана 7,5 см, кара түстө (формасы жана жазуулары - аскердин, кызматтын түрүнө жараша).
Графикалык композициянын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жайгашкан. Кырынан 3 мм аралыкта эни 3 мм болгон алтын жип менен жээктелген.
Колго тагылган белгинин жогору жагында сары (алтын) түстө мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН" жана ылдый жагында "КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу жазылган. Кийимдин сол жеңине тигилет.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн колго тагылган белгинин фону жашыл түстө.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн талаа кийим формасы үчүн колго тагылган белгиси.
Үстү жагы төрт бурчтуу, ылдый жагы дого түрүндө болгон төрт бурчтук, анын өлчөмү 9 жана 7,5 см, камуфляж түсүндө (формасы жана жазуулары - аскердин, кызматтын түрүнө жараша).
Графикалык композициянын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жайгашкан.
Колго тагылган белгинин жогору жагында сары (алтын) түстө мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН" жана ылдый жагында "КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу жазылган. Кийимдин сол жеңине тигилет.
4. Аскердик окуу жайлардын курсанттарынын, Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын колго тагылган белгиси.
Алтын түстүү тик бурчтук, кийимдин сол жеңинин сыртына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колго тагылган белгисинен 10 мм аралыкта тигилет.
Галундун эни 6 мм.
Окуп жаткан курска (класска) жараша колго тагылган белгиде бурчтуктар төмөнкүдөй жайгашат: бирөө - 1-курстун курсанттары жана лицейдин 8-классынын тарбиялануучулары үчүн; экөө - 2-курстун курсанттары жана лицейдин 9-классынын тарбиялануучулары үчүн; үчөө - 3-курстун курсанттары жана лицейдин 10-классынын тарбиялануучулары үчүн; төртөө, бешөө - 4 жана 5-курстун курсанттары үчүн.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирүүчү аскерлердин түрүндө жана кызматтарда аскер кызматчынын ведомстволук таандыктыгын көрсөтүүчү колго тагылган белгини Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги аныктайт.
6. Аскердик түзүлүштөргө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына таандыктыгын көрсөтүүчү колго тагылган белгини аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери аныктайт.
7. Кандын тобун көрсөтүүчү төштөгү кыйыктар.
Камуфляж түстөгү тик бурчтук, өлчөмү 13 см (узуну) жана 3 см (эни), жээктеринде коргоо түсүндөгү милте. Төштөгү кыйыктын ортосунда коргоо түсүндө латын алфавитиндеги тамгалар жана цифралар менен төмөнкүдөй жазуулар бар: биринчи оң - "О (I) Rh +"; биринчи терс - "О (I) Rh -"; экинчи оң - "А (II) Rh +"; экинчи терс - "А (II) Rh -"; үчүнчү оң - "В (III) Rh +"; үчүнчү терс - "В (III) Rh -"; төртүнчү оң - "АВ (IV) Rh +"; төртүнчү терс - "АВ (IV) Rh -".
Тамгалардын жана цифралардын бийиктиги - 17 мм.
Талаа жайкы күрмөнүн сол жагындагы капкалдырыктын тигишинен 2 мм аралыкта тигилет.
8. "KYRGYZSTAN" жазуусу менен төштөгү кыйык.
Камуфляж түстөгү төр бурчтук токулган кездеме, жээгинде коргоо түсүндөгү милте. Төштөгү кыйыктын ортосунда коргоо түсүндөгү латын тамгалары менен "KYRGYZSTAN" деген жазуу.
Талаа жайкы күрмөнүн сол жагындагы капкалдырыктын тигишинен 2 мм аралыкта тигилет. Тамгалардын бийиктиги - 17 мм.
9. Жагоо үчүн бекиткич.
Алтын түстүү, ийилген металл пластинка. Бекиткичтин аркасында жагоону бекитүү үчүн ийилген.
10. Эмблемалар:
1) "КG" эмблемасы - алтын түстүү металл эмблема, латын алфавитинин баш тамгаларынан турат, Кыргыз Республикасынын кыскартылган аталышын түшүндүрөт, тамгалардын өлчөмү 10 мм (бийиктиги) жана 15 мм (эни). Тамгалардын бийиктиги 17 мм. Кителдердин жана жакеттердин лацкандарына тагылат, лацкандардын жээгинен эмблеманын жээгине чейинки аралык 20 мм болот, мында эмблемалар лацкандын кырына параллел болушу керек;
2) жалпы аскердик эмблема - диаметри 2,2 см болгон тегерек. Эки учу кошулбаган айлана, лавр жалбырактары түрүндө жасалган 2 жарым тегеректен турат, асты тасма менен бекитилген, ал эми үстү жагында 2 жарым тегеректин ортосунда 1 мм боштук бар. Лавр тегерегинин ортосуна томпок кырлары менен беш жылдыз жайгашкан (символика аскерлердин, кызматтардын түрүнө жараша, лавр тегереги жок болот), эмблеманын арткы бетинде бекитүү үчүн түзүлүшү болот. Күнүмдүк жана параддык погондорго, погондун узунунан кеткен сызыкка топчудан 5 мм аралыкта тагылат; жайкы талаа күрмөлөрдүн жакаларына коргоо түсүндөгү эмблема биссектриса боюнча жаканын учунан эмблеманын борборуна чейин 35 мм аралыкта тагылат, мында эмблеманын симметриясынын вертикалдуу огу жаканын учуна параллел болушу керек.
Эскертүү: кургактагы аскерлер үчүн - кырлуу беш жылдыз түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; аскердик-аба күчтөрүнүн эмблемасы үчүн - чимириктер жана канаттар түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; асман чабуулунан коргоо аскерлери үчүн - радиолокатордун антеннасынын силуэтинин фонундагы эки жебеси жана канаты бар зениттик ракета түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; атайын арналыштагы аскерлер үчүн - ачылган парашют жана эки самолёт түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; танк аскерлери үчүн - танк түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; ракеталык аскерлер жана артиллерия үчүн - ракетанын фонундагы кайчылашкан куралдардын найы түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; инженердик аскерлер үчүн - жол төшөгүчтүн аңтаргыч бөлүгү, якорь, мина, чагылган жана кайчылашкан эки балта түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлери үчүн - бензол шакегинин жана анан негизиндеги биологиялык коркунучтун эл аралык белгисинин фонундагы радиоактивдүү бөлүнүүнүн схемасы түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; байланыш аскерлери үчүн - канаттардын фонундагы чагылган түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; автомобилдик аскерлер үчүн - канаттары жана рулу менен автомобиль дөңгөлөктөрү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; топографиялык кызматтын эмблемасы - кайчылашкан компастын жебелери жана дүрбү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; аскердик юстиция кызматынын органдары үчүн - мизи ылдый караган эки кайчылашкан кылычтын фонундагы калкан түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; аскердик байланыш жолдор кызматы үчүн - канаты бар якордун фонунда канаттуу темир жол дөңгөлөгү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; күйүүчү-майлоочу материалдар кызматы үчүн - талаа магистралдык түтүк түйүнү жана кайчылашкан ачкыч жана балка түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; медициналык кызмат үчүн - жылан оролгон чыны түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган (кош эмблема); аскердик-оркестр кызматы үчүн - лиралар түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти үчүн - жалпы аскердик эмблема; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - калкан түрүндө, лавр бутактары менен курчалган; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн - сегиз учтуу жылдыз түрүндө, горизонталы боюнча чоюлган, жылдыздын борборунда тегерек бар, анда көк түстөгү үч бурчтук жайгашкан, эмен бутактары менен курчалган; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн - ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун СЫПАТТАМАСЫ
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2020-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 181 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Аскер кызматчылардын погондору аскердик наамды, ошондой эле аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүнө, аскерлердин түрлөрүнө (кызматына) таандыктыгын аныктоо үчүн колдонулат.
Параддык, күнүмдүк жана талаа погондору белгиленген.
Погондордун курбусуна ыйгарылган аскердик наамга, ошондой эле аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүнө, аскерлердин түрлөрүнө (кызматына) таандыктыгына ылайык: символика белгисинин сүрөтү, беш бурчтуу жылдыздар жана жылдызчалар, тилкелер, саймалар, эмблемалар, тамгалар жайгаштырылат.
Символика белгисинин сүрөтүнүн, жылдыздардын жана жылдызчалардын өлчөмдөрү сыпатталган тегеректин диаметри менен аныкталат.
2. Жогорку офицердик курамдын погондору:
1) параддык погондор.
Тик бурчтуу, жогорку кыры трапеция түрүндө, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, погондун кырында милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Армиянын генералынын погонунун жогорку бөлүгүндө алтын карматылган ичке жип менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси сайылган, лавр жалбырагы менен оролгон. 30 мм диаметрдеги символиканын белгиси алтын түстөгү жип менен сайылган. Погондун астыңкы жээгиңен символика белгисинин ортосуна чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү бөлүгүндө алтын карматылган канитель менен 35 мм диаметрдеги 5 пайыздык алтындан жылдыз тигилген. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык 40 мм.
Генералдардын погондоруна алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги 5 пайыздык алтындан жылдыздар сайылган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Генералдардын көйнөгүндөгү погондор тегерек жээги менен болуп канты жок болот. Ак түстөгү погондор, погондун үстүңкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130-180 мм; эни 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор.
Тик бурчтуу жогорку жээги трапеция сыяктуу (жүндөн жасалган күрмөдө жана плащта погондор тегерек жогорку жээги менен болот), бозомтук күрөң түстөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Генералдардын погондоруна алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги 5 пайыздык алтындан жылдыздар сайылган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Генералдардын погондоруна алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги 5 пайыздык алтындан жылдыздар сайылган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу бар болот.
Генералдын көйнөгүндөгү погондор тегерек жээги менен болуп милтеси жок, көйнөктүн кездемесинен жасалат.
Жүндөн жасалган күрмөлөр жана плащтар үчүн погондун үстүңкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130-180 мм; эни 50-55 мм.
3) талаа погондору.
Чечип алынуучу, тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, коргоо 1 түсүндөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу бар.
Жылдыздар, эмблемалар - коргоо түсүндө.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130-180 мм; эни 50-55 мм.
3. Улук жана кенже офицердик курамдын погондору:
1) параддык погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен алтын (ак) түстүү галундан (кездемеден, тасмадан) курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Погондун төмөнкү жээгинде эмен бутагы венок түрүндө жээкетелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган, саймасы алтын түстө.
Символикалардын өлчөмдөрү: улук офицердик курам үчүн - 35х25 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 20 мм; кенже офицердик курам үчүн - 25х20 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл же тигилген жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130 мм - 180 мм; эни 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң түстүү галундан (кездемеден, тасмадан) курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Погондун төмөнкү жээгинде эмен бутагы венок түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган, саймасы алтын түстө.
Символикалардын өлчөмдөрү: улук офицердик курам үчүн - 35х25 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 20 мм; кенже офицердик курам үчүн - 25х20 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл (тигилген) жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130 мм - 180 мм; эни 50-55 мм;
Тик бурчтуу, конус сымал жогорку жээги менен погондорго жол берилген.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн Погондордо саргыч жашыл түстөгү галундан (кездемеден, лентадан) курбусу бар;
3) илинүүчү күнүмдүк погондор.
Погондор тик бурчтуу, бозомтук күрөң түстөгү кездемеден. Погондун жээги боюнча милте бар (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча).
Погондун төмөнкү жээгинде эмен бутагы венок түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган, саймасы алтын түстө.
Символикалардын өлчөмдөрү: улук офицердик курам үчүн - 35х25 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 20 мм; кенже офицердик курам үчүн - 25х20 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл (тигилген) жылдыздар жайгашкан.
Погондордун узундугу - 80 мм; эни 50-55 мм;
Жылдызчалар металл же алтын түстө тигилген.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн погондор саргыч жашыл түстөгү кездемеден;
4) талаа погондору.
Талаа погондору, илинүүчү, тик бурчтуу, камуфляж түстөгү кездемеден.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл (тигилген) жылдыздар жайгашкан.
Погондордун узундугу - 80 мм; эни 50-55 мм.
4. Прапорщиктердин, контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын погондору:
1) параддык погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен алтын (ак) түстүү галундан (кездемеден) курбусу, погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат: старшина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 8 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат; улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун; сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130 мм - 180 мм; эни 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар.
Погондордун узундугу - 130 мм - 180 мм; эни 50-55 мм;
3) күнүмдүк илинүүчү погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар: старщина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 5 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат; улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун; сержант - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу эки галун Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 20 мм.
Погондордун узундугу - 80 мм; эни 50-55 мм;
Жылдызчалар металлдан алтын түстүү;
4) талаа погондору.
Талаа погондору, илинүүчү, тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү кездемеден. Погондун узундугу 80 мм, эни 50-55 мм. Жылдызчалар коргоо түсүндө.
Контракттык кызматтын старшиналарынын жана сержанттарынын погондорундагы галундар металл же коргоо түсүндөгү вискоза тасмасынан болушу мүмкүн. Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралыгы 20 мм.
Галундардын жайгаштырылышы күнүмдүк илинүүчү погондордуку сыяктуу эле.
5. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын жана аскердик окуу жайлардын курсанттарынын погондору:
1) күнүмдүк (параддык) погондор.
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен бозомтук-күрөң (ак) түстөгү (улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларыныкы кызыл түстөгү) галундан (кездемеден) курбусу бар. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Курсанттардын параддык погондору үчүн погондордун жээги боюнча алтын түстүү эки туурасынан кеткен 8 мм тилке бар. Погондун төмөнкү жээгинде алтын түстүү тамгалар жайгашкан: аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - "К" (курсант), бийиктиги 20 мм; улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "УАЛ"; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "КА" (Коргоо аскерлери); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "ЖК" (Жарандык коргонуу); Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - УГ (Улуттук гвардия); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "ЧА" (Чек ара аскерлери); Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн - "КК" (Коопсуздук комитети); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн - "КД" (Кайтаруу департаменти); ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмүнүн мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "АТ" (Аскердик түзүлүшү).
Тамгалардын бийиктиги - 20 мм. Погондун төмөнкү жээгинен тамгага чейинки аралык 15 мм.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат: старшина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу гапун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 8 Мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат; улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун; сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; Кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм; ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм;
2) талаа погондору.
Талаа погондору, илинүүчү, тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү кездемеден. Погондун узундугу 80 мм, эни 50-55 мм.
Погондун төмөнкү бөлүгүндө коргоо түсүндөгү тамгалар жайгашкан: аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - "К" (курсант), бийиктиги 20 мм; улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "УАЛ".
Старшиналардын жана сержанттык курамдын, курсанттардын жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын погондорундагы галундар вискоза лентасынан же коргоо түсүндөгү металлдан.
Тамгалардын бийиктиги 20 мм.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралык 20 мм. Кийинки галундардын ортосундагы аралык 2 мм, галундун туурасы: старшиналар жана улук сержанттар үчүн - 20 мм, сержанттар, кенже сержанттар жана ефрейторлор үчүн - 5 мм.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун милтесинин түсү төмөнкүдөй аныкталган: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын Аскердик соту, Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн - кызыл түстө; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн авиациясы үчүн - ачык көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - жашыл түстө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти үчүн - ачык кызыл түстө; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн - сыя көк түстө;
3) Күнүмдүк кийим формасында погондордогу галундардын түсү төмөнкүдөй аныкталган: контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - кызыл түстө; мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн - алтын түстө.
Талаа шарттарыңда бардык аскер кызматчылары үчүн айырмалоочу белгилер - коргоо түсүндө.
4-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы колдонулуучу мамлекеттик органдардын (аскердик түзүлүштөрдүн) ТИЗМЕСИ
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2020-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 181 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы.
2. коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти.
8. Кыргыз Республикасынын Аскердик соту.
9. Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы.
10. Ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү