Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 25-майы ПЖ № 100
Кыргыз Республикасынын айрым райондор аралык сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынын райондор аралык сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары 2015-жылдын 25-майынан баштап толук курамында кызматтарынан бошотулсун:
- Ош облусунун райондор аралык сотунан:
Кулакматов Базарбай Орозматович;
- Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунан:
Айжигитов Арстанбай Абдрашитович;
- Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунан:
Асанова Калида Талиповна;
Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;
- Нарын облусунун райондор аралык сотунан:
Акбердиев Марат Туратбекович;
- Талас облусунун райондор аралык сотунан:
Бекмурзаев Акпарали Ташпулатович;
- Баткен облусунун райондор аралык сотунан:
Абдугапаров Алмазбек Абибулаевич;
Туленбаев Таирбек Абдумаликович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |