ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2015-жылдын 25-майындагы ПЖ № 100 «Кыргыз Республикасынын айрым райондор аралык сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция25.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 25-майы ПЖ № 100

Кыргыз Республикасынын айрым райондор аралык сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынын райондор аралык сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары 2015-жылдын 25-майынан баштап толук курамында кызматтарынан бошотулсун:

- Ош облусунун райондор аралык сотунан:

Кулакматов Базарбай Орозматович;

- Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунан:

Айжигитов Арстанбай Абдрашитович;

- Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунан:

Асанова Калида Талиповна;

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

- Нарын облусунун райондор аралык сотунан:

Акбердиев Марат Туратбекович;

- Талас облусунун райондор аралык сотунан:

Бекмурзаев Акпарали Ташпулатович;

- Баткен облусунун райондор аралык сотунан:

Абдугапаров Алмазбек Абибулаевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев