Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 27-августу ПЖ № 174
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына жаңы талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык токтом кылам:
1. 2015-жылдын 28-августунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Гилязетдинова Инара Ильгизовна;
- Саргалдакова Гульмира Зарлыковна;
- Смаилова Асел Асылбековна.
(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |