Редакцияот 29.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 29-августу ПЖ № 178

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин тактоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Сманалиева" деген сөз "Смаилова" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Сманалиева" деген сөз "Смаилова" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык 2015-жылдын 27-августунан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев