Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 9-сентябры ПЖ № 180
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главасында:
- 3.3-пункттун "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия", "Эсептөө палатасы (борбордук аппарат)" графаларынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
- 3.4-пункттун "Жогорку соттун Аппараты" графасынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
- 3.5-пункттун "Президентке караштуу мамлекеттик органдар" графасынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
- 3.6-пункттун "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" графасынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
- 3.7-пункттун "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
- 3.9-пункттун "Өкмөткө караштуу администрациялык ведомстволор, Жогорку аттестациялык комиссия" графасынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
- 3.10-пункттун "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү" графасынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-A" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестринин "Администрациялык муниципалдык кызмат орундары" деген 2-главасынын 2.1-пунктунун "Республикалык маанидеги шаардын мэриясы" графасынын "Улук кызмат орду" деген тобунун "С-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |