КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 21-октябры ПЖ № 210
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-январындагы "Көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-январындагы № 27 "Көп томдуу Кыргыз Улуттук Энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "Энциклопедиясын мамлекеттик тилде сегиз жана расмий тилде төрт томдугун" деген сөздөр "Энциклопедиясынын тогуз томдугун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |